Индиянын Орисса штатында бир үй-бүлөнүн наристесин маймыл уурдап кетти. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жергиликтүү тургундун 17 күн жашаган наристесин маймыл уурдап баратканын көргөн эне аны токтотууга аракет кылганы айтылат. Бирок маймылды кууп жетүүгө мүмкүн болгон эмес. Эртеси ымыркайдын жансыз денесин үйүнөн алыс эмес жердеги кудуктун ичинен табышкан. Дарыгерлер наристе денесинен эч кандай жаракат албагандыгын айткан. Ал эми полиция кызматкерлери жергиликтүү тургундардын тынчын алган маймылга издөө салган.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, маймыл кокусунан ымыркайды кудукка түшүрүп алган. Ошондой эле мындай окуя биринчи ирет болгонун айтышкан.