Күйүүчү май ташыган айдоочулар иш таштоону бүгүн да улантышууда

Кечээ, 2-апрелде Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” көзөмөл-өткөрүү бекетинде 80ге жакын жүк ташуучу унаалардын айдоочулары иш таштап, бир катар нааразычылыктарын айтып чыгышкан.

Бүгүн да айдоочулар иш таштоону улантып, талаптарынын аткарылуусун күтүп жатышканын Жүк ташуучу унаалар ассоциациясынын жетекчиси Чолпонбек Жанбаев билдирди.

"Биз Транспорт жана коммуникация министрлигине карата нааразычылыгыбызды айтып, өкмөттүн аппаратына кат жолдогонбуз. Бирок алар кайра эле биздин катыбызды Транспорт министрлигине жиберип, эч кандай реакция жок болуп жатат. Биздин талаптарга бийлик үн катмайынча, иш таштоону уланта беребиз деп турабыз. Бирок бүгүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери, мамлекеттик камсыздоо компаниясынан адамдар келишти. Азыр бийлик өкүлүнөн адамдар келишет экен деп уктук. Күтүп турабыз” - деди ал.

Күйүүчү май ташыган унаалардын айдоочулары унааларды камсыздандырууга жана айып пулдун көлөмүнө нааразы болуп иш таштап жатышат.

Сосновкадагы айдоочулар иш ташташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kg.nurik
2018-04-03 18:17:09
бизде лейлекке токтобой эле келип жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан