Сокулук районунда жергиликтүү тургундун бакчасынан жардыруучу зат табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 16-июнда саат 18:00 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Новапавловка айылында жардыруучу зат бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Үйдүн кожоюну пайдубалга ылайыктап жер казып жатып гранатага окшош зат көрүп, милиция кызматкерлерине кабарлаган. Укук коргоо кызматкерлери аталган жерге келип, жардыруучу затты табышкан. Коргоо министрлигинин кызматкерлери бул жардыруучу затты жок кылуу үчүн коопсуз жайга алып кетишти.