Ысык-Көлдө изделген эне Түркиянын Анкара шаарынан байланышка чыкты

Ысык-Көлдө изделип жаткан 35 жаштагы Жаркын Самакова Түркиянын Анкара шаарынан табылды. Бул тууралуу анын апасы Бегайым Осмонбекова SUPER.KG порталына билдирди.

"Кызым Жаркын кечээ Түркиянын Анкара шаарынан байланышка чыкты. Ал эми анын кандай жерде жашап жатканын, кимдер менен жүргөнүн туугандарым интернет аркылуу такташып, мага айтып беришти. Бүгүн эртең менен аны Түркияга чакырган жаран да байланышка чыгып, кызымды жекшемби күнү мекенине салып жиберерин айтты", - дейт Бегайым Осмонбекова.

Эске салсак, 31-мартта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Жаркын Самакова жакындарына айтпай Түркия мамлекетине учуп кеткен боюнча байланышка чыккан эмес. Кызынын дайынын билбей жаткан эне көргөн-билгендерден жардам сурап кайрылып, кызы Жаркын Самакова 2017-жылдын сентябрь айынан бери азербайжан улутундагы жаран менен социалдык тармак аркылуу сүйлөшүп жүргөнүн айткан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
aIways-here
2018-04-05 15:43:38
Азер бул келинди пайдалып бүттү, моокумун кандырды. Эми кайра салып жиберетта. Мейли ошонусуна да шугур дейли. Күм жүм кылып салбай, кулчулукта кармабай салып жиберет экен.
+41
Dembele84
2018-04-05 15:46:18
Неге барыптыр,ким менен журуптур,ал чакырган ким экен толук жазып койсонор жакшы болмок!
-2
Dembele84
2018-04-05 15:51:37
Азер тузук экен,озу барып торго тушкон тоок мээ ни кайра салып жибере турган болсо!
+21
Aznazalai
2018-04-05 15:52:09
Азер качан кызын салып жибергенде эле келди дебесе ишениш кыйын!!тооба кылдым
+13
surgeon777
2018-04-05 15:56:37
анча эмне кызыктынар эмне кылып журуптур деп,бул да Россиялап жургон кээбир бейбаш келиндердей эле журду да,кайталайм,кээбири,баардыгы эмес.
Москвада канчасы журот тажик,озбек менен,эми ушуну да жанылык кыласынарбы?!
-6
aIways-here
2018-04-05 16:02:55
Эгерде түрк кыздары чакырса жигиттер бизделе барсак керек эле э эч нерсеге карабай. Же барбай коймоксуңарбы? ))
-17
Ask094
2018-04-05 16:34:29
Бул куйоосу бар туруп азер менен суйлошуп жургон да сент.суйлошуп баштап декабрда куйоосу менен ажырашып атпайбы. Ал эми Азер ХХХХХХХХХХ Кыздар кантип эле акылынар жетпейт ушундай нерсеге
+18
maratbek88.88
2018-04-06 12:49:19
Ask094,элдин баарын озуно окшотобербе иним
-2
zz2013zz
2018-04-05 16:55:08
Ушундай нерселер окундурот,биздин кыздар кайда баратат,азыр абдан кобойду башка улут менен жургон кыздарыбыз.
Бир кыз магазинде иштейт жашы 24то ,озунон 29 жаш улуу (53 жаш) азер улутундагы киши менен жашайт,ал кишинин Азербайжанда семьясы бар ,мен ал киши менен мамилем жакшы.Тиги кызга эмнеге бул киши менен журосун уялбайсынбы деп айтсам.Мен бул кишини суйом дейт ал мени суйот дейт жашоомо кунумдук каражаттарыма жардамдашат дейт,кыскасы кыздарыбыз бузулуп баратат жакшы кыздарыбыз кобойс
+14
maratbek88.88
2018-04-06 12:51:12
zz2013zz,биз жактада коп азерлер менен жашап аткан жаш кыздар чоон кишилер аларыда ошо акчасына кызыгат экен корсо аларда кымбат ар нерселерди алып берет дейт кыскасы озун эле акчага саткандар
+1
Dembele84
2018-04-05 19:27:29
Мейли оз тенин таап бактылуу болуп кетсе соз жок эле,кайдагы акчага алданып жашы,улутун уруп ойнобой,кунумдук жыргал жашоо деп,копчулугу кордук коруп,ал иностранецтери таштап коюп,сыздап калып жатканында кеп!
0
Dembele84
2018-04-05 19:34:15
Ошон учун ал Азер,турк,кытай ж.б билип бутту,кайсы
Улуттун кыздары тез алданаарын,кимди оюнчук кылып ойноп таштап койсо боло берээрин.Эсинерге келгиле айланайындар!Бирок туз жолдо жургон кыздарыбыз да аз эмес!
+1
zz2013zz
2018-04-05 21:43:12
Баарынан кейиштуусу жакшы жургон кыздарыбыз ушуга кыздардын айынан жаман корунуп калып жатат
+4
Shef87
2018-04-05 22:07:37
Тоок мээ
+2
bond02
2018-04-06 00:38:22
келээри менен аэропорттон кармап камаш керек.
+5
Nora
2018-04-06 05:14:28
kulchulukka satyp jiberbese le boldu emmi, baldarym emnee boldu dep oilonboi turup ketip kalgan kandai booru tash ene aa.
-3
Nora
2018-04-06 05:16:59
chet olkogo vizovyi rejim kylyp koiso myna ushundai korunushtor kattalbait bolchu.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан