"Тойлорго чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбооруна ресторандары бар депутаттар тоскоолдук жараткан", - деп бүгүн, 5-апрелде SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев билдирди.
Ал бул мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири. "Бир жарым жыл мурда 5 депутат тойлорго чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, талкууга койгонбуз. Талкууда коомчулук тарабынан колдоого ээ болгон. Тилекке каршы, Жогорку Кеңештен өтпөй калды. Рестораны бар анча-мынча депутаттар бул мыйзам долбооруна каршы болушту", - дейт депутат.