Баскетбол боюнча Кыргыз курама командасы жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын баскетбол федерациясынын башкы катчысы Евгений Пехов билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз курама командасы дүйнөлүк рейтингде жана эл аралык мелдештерде алдыңкы орундарды ээлегени үчүн жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Анда Кыргыз курама командасы стритбол боюнча мелдешке катышат. Азырынча курама команданын тизмеси түзүлө элек.
Айта кетсек, жаштар арасындагы Олимпиада оюндары Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында 6-18-октябрь аралыгында өтмөкчү.
Маалымат үчүн: Стритбол (көчө баскетболу) - баскетболго караганда оюнчулардын саны аз (3 эле оюнчу) жана аянт эки эсеге кичинекей (баскетбол аянтынын жарымы).