super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-АПРЕЛЬ: Дүйнөгө атагы чыккан белгилүү кытайлык актёр Жеки Чан 64 жашка чыкты

 

Акробатикалык-согуштук стиль менен комедиялык жанрды айкалыштырган атактуу кытайлык актёр, продюсер Жеки Чан 64 жашка чыкты. Ал 1954-жылы 7-апрелде Кытайдын Гонконгунда туулган.

Маалыматтарга караганда Жеки Чанды апасы 12 ай көтөргөн соң гана операция жолу менен төрөгөн. Ошентип 5 килограмм 400 грамм салмактагы бала жарык дүйнөгө келген. Ал төрөлгөндө коюлган аты - Конг Санг Чан, которгондо "гонконгдо төрөлгөн" деген маанини билдирет. Кичинесинен кунг-фу искусствосуна кызыгып, тасмадагы карьерасын 8 жашында каскадёр катары баштаган. 1970-жылдардын ортосунан баштап чоң ролдорду аткарууга киришип, кийин өзү да тасма тарта баштаган.

Бара-бара жалгыз өзү гана аткара ала турган жаңы киножанрды жаратат. Анткени Жеки Чан гана трюктар үчүн өз өмүрүн тобокелге сала алган. Ал - боевиктердин атактуу каарманы. 2016-жылдын ноябрь айында кино искусствосуна кошкон салымы үчүн "Оскар" сыйлыгын алган.

2017-жылдын февраль айында Жеки Чан каскадёрлор тобуна 40 жыл болгондугуна байланыштуу Кытайдагы көрсөтүүлөрдүн бирине жаш каскадёрлордун жаңы курамы менен барган. Анда шоунун алып баруучусу Чандын командасындагы улуу муундагы каскадёрлордун видеокайрылуусун көрсөткөн. Алар жашоосундагы жакшы күндөрү үчүн Жеки Чанга ыраазычылык билдирип: "Ал улууну сыйлаган, жумушуна берилген адамдарды ишке алчу. Адамдык сапатың жок болсо, жумуштан кетүүгө туура келчү. Ошондуктан анын командасында жаман адамдар жок", - деп айтышкан.

Экрандан кайрылуу көрсөтүлүп жаткан учурда алар акырын студияга кирип келишип, актёрдун артына байкатпай туруп калышкан.

"Кинематографияга кошкон салымым үчүн "Оскарды" мен алганым менен бул сыйлык баарыбыздыкы. Себеби 40 жылдан ашуун убакыт алар өз өмүрлөрүн тобокелге салышып, мени менен чогуу болушту. Колу-бутун сындырып, таңкы 5те ооруканага алып жөнөшчү, бирок бул нерсени эч ким билбейт", - деп Жеки командасындагы каскадёрлорго рахматын айткан. "Баарыбыз картаябыз" деп артында турган жаш жигиттерди караган актёр мурунку кесиптештерин көрүп, алардын күтүүсүз пайда болгону Жеки Чан үчүн сюрприз болуп, көзүнө жаш алган.

Жеке жашоосу
Актёр 80-жылдардын башында тайвандык актриса Линь Фэнцзяого үйлөнгөн. Экөөнүн ортосунда Чэнь Цзумин (Жейси Чан) аттуу уулу бар. Ал дагы атасынын жолун жолдоп кино дүйнөсүнө аралашып, ырдап келет.
2014-жылдын сентябрында Жейси Чан баңгизат менен кармалып, 2015-жылдын январь айында 6 айга эркинен ажыратылган. Кытайда баңгизат менен күрөшкөн коомдук активист катары саналган Жеки Чан социалдык тармактагы баракчасы аркылуу уулунун бул окуясы үчүн элден кечирим сураган.
Анда актёр уулуна: "Сен туура эмес иш кылганың үчүн жооп беришиң керек. Сенин атаң катары сага жакшы тарбия бербегеним үчүн мен да жоопкерчиликти алам", - деп кайрылган. Андан сырткары, Жеки Чандын 18 жаштагы Этта Нг аттуу никесиз төрөлгөн кызы бар. Анын апасы - "Мисс Азия-1990" сынагынын жеӊүүчүсү болгон Элейн Нг.
7-апрелге карата жылнаама.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
07.04.2018. 21:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 15:27
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун кинолору барго. бирок мындай чон деп ойлогон эмесмин..
07.04.2018. 22:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
29-01-2018
Соӊку аракети:
13-07-2018 15:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеки Чандын киносун коруп,

чонойдукко абдан таланттуу актёр.
07.04.2018. 23:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 12:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
фирменный "улыбкасын"эч ким кайталай албайт го чиркин!
08.04.2018. 00:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
16-09-2018 20:15
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көөп жашасын Джеки Чан! Көргөндө маанай көтөрүлө турган актер да)))
08.04.2018. 11:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
24-08-2013
Соӊку аракети:
24-09-2018 19:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жекинин кинолорунда уятуу тасмалары жок уйбулон менен жыргап тамаша кыласын.Озу да мактанган уяту бей кылык тасмалар жок кинолорумда деп. ишине ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: