Кариб аралдарында жаш миллионердин сөөгүн алтын табытка салып жерге беришти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаш миллионерди акыркы сапарга узатуу зыйнатында жакындары жана достору анын эң бай жана сыйлуу адам экенин көрсөтүү үчүн болгон аракетин кылышкан.
Белгилүү болгондой, 33 жаштагы мультимиллионер Шерон Сукедо Кариб аралдарындагы Тринидад жана Тобаго өлкөсүндө эң белгилүү адамдардын бири болгон. Ал көзү тирүү кезинде кыймылсыз мүлк жана унаа сатуу менен алектенген. Сукедону белгисиз адамдар атып кетишкен. Ал жашоодо кымбат баалуу асыл таштарды, кымбат унааларды жактырчу жана өзүнүн бул тандоосун дайыма көпчүлүккө айтып келген.
Жергиликтүүлөр аны "Дүйнө падышасы" деп атап коюшкан. Эл арасында "байлыгыңды тиги дүйнөгө алып кете албайсың" деп айтылганы менен, Шерондун жакындары аны жерге байлыгынын канча бир бөлүгү менен кошо көмүшкөн.
Миллионерди ага жаккан кийими, баасы 100 миң доллардан ашык турган кол сааты жана алтын чынжырчалары менен көмүшкөн. Ал эми маркум жаткан табыт алтындан жасалып, баасы 50 миң долларды түзгөн. Көрүстөнгө чейин Сукедонун сөөгүн баасы 150 миң доллар болгон Bentley автоунаасы менен жеткиришкен.
Азыркы тапта полиция кызматкерлери Сукедого ким ок чыгарганын иликтеп жатат.