Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Бостон айылында бир топ балдар тарабынан токмоктолгон Розумухамад SUPER.KG'ге окуянын чоо-жайын айтып берди.
Анын билдиришинче, балдар аны сүйлөшүп жаткан кызына барган учурда тосуп алып себепсиз сабашкан.
"Үйлөнүү максатында кыз издеп жүргөм. Ошол Бостон айылында туугандарыбыз бар эле, алар мага 5-6 кызды көрсөтүп, сүйлөшүп көрүүмдү сунушташты. Алардын бири менен телефон аркылуу сүйлөшүп көрүп, бир жолу жолуккам.
30-март күнү да ал кызга чалсам "Гулистан айыл аймагындагы чоң энемдин үйүнө сиңдим экөөбүздү таштап койчу" деп суранды. Мен да алар барчу жакка бармак болуп жаткам. Макул деп ал кыздын үйүнө жеткени калганымда 5-6 бала мени карап коюп өтүп кетишти. Кыз сиңдиси менен келип унаама отурушкандан кийин айдап кетүүгө камынып жатсам, жанагы балдар алдымдан чыгып тосуп туруп алышты. Андан кийин эмне болгонун түшүндүрбөй туруп эле бири сабай баштады, анын артынан калганы кошо сабап салды. Айла жок, унаанын алдына качып кирип кеттим. Андан кийин ошол жердеги 2-3 бала келип куткарып калышты. Алар болбогондо, балким, майып кылып коюшмак же өлтүрүп салышмак экен.
Окуядан кийин үйгө келип кайра бир досумду ээрчитип барып, алар менен өз алдымча сүйлөшүүгө аракет кылдым, бирок алар макул болушкан жок. Мен алардан "кааласаңар бирден чыккыла, мушташам жана тартып алган видеону өчүргүлө" деген талап койдум. Бирок видеону тартып алган бала Якутияга кетип калып ошол жактан чыгарып салыптыр.
Ал эми угушумча, ошондой эле топ балдар ошол күнү кечинде дагы бир баланы сабап өлтүрүп коюшуптур. Көпчүлүгү "эки бала сабалып, бири каза болуп калыптыр" деп туура эмес айтып жатышат. Каза болгон баланын окуясы менен менин окуямдын байланышы жок. Экөө эки башка окуя", - деди Розумухамад.
Ош ОИИБинин маалыматына ылайык, Розумухамадды сабаганга шектүү катары 6 бала кармалып убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан. Учурда козголгон кылмыш ишинин негизинде тийиштүү иштер аткарылууда.