super.kg logo

БШК: "Казакстандан Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу боюнча документтер келди"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экени тууралуу документтер келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу бар деген документ келиптир. Мен азыр чет жерде жүрөм. БШКда Дамирбек Асылбек уулун мандатынан ажыратуу маселеси жакынкы күндөрү каралышы мүмкүн", - деди Бекматов.

Буга чейин 27-февралда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Казакстанга суроо-талап жөнөтүлгөнүн айткан. Эгер депутаттын кош жарандуулугу аныкталса, БШК аны мандаттан ажыратышы мүмкүн экенин белгилеген.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен, бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
10.04.2018. 09:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 13:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфонун жаңы саны чыкпай атат го
10.04.2018. 09:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
24-12-2016
Соӊку аракети:
19-11-2018 11:38
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ал канча убакыттан бери КР.депутат болуп журот?депутат болуп журуп алган айлыктарынын баарын кайра толотуп алгыла эми!!!
10.04.2018. 09:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
246
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 17:17
Жынысы:
Белгисиз
+6
ажыратып дагы КРдин да жарандуулугунан ажыратып кое бергиле Казакстанда ХХХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2018-04-10 09:21:40
10.04.2018. 09:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
896
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
19-11-2018 12:14
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол себептен Кыргызстанды уруп ойнобойт турбайбы жепжутаттар. Бул жерден элдин ырыскысынан керегинче жеп жутуп, анан башка өлкөгө кетип калып, тынч жашайм деген пландар менен экен да.
Азайтыш керек жепжутаттарды.
10.04.2018. 10:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
28-08-2016
Соӊку аракети:
14-09-2018 20:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алай куу
+4
мындайларды чекесинен жок кылыш керек!
олкобуз ушуга окшогондордун айынан онукпой атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117864;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: