Улуттук илимдер академиясынын илимпозу Аскар Давлетбаков бүгүн, 10-апрелде "Жок болуп бара жаткан жаныбарларды тукум курут кылууга коррупция кандай таасир берүүдө. Маселеге коопсуздук кеңешинин кызыгуусу" аталышындагы талкууда бийик тоолордо багылган мал-жандыктардын 90 пайызы депутаттарга тиешелүү экендигин айтты.
"Жаныбарларды атууга лицензияны биз бербейбиз. Биз жаныбарларды изилдеп, анын натыйжасы менен Кызыл китепке киргизебиз. Аңчылыкка тыюу киргизели десеңер макулмун, бирок өзүңөр чогуу кайтарууга катышкыла. Аңчылыкты эмнеге колдоп жатам, анткени алардын күчү менен аймак аз да болсо коргоого алынып жатат. Алар жок болсо башаламан броконьерликке жол ачабыз. Жайыт жерлерибиз чөлгө айланып баратат. Бийик тоолуу жерлерге мыйзам боюнча үй курганга болбойт, бирок эл тоого үй салып, айылга айлантып алышкан. Алардын үстүнөн баягы эле депутаттар карашат. Менин жеке изилдөөм боюнча бийик тоолордо багылган мал-жандыктардын 90 пайызы депутаттардыкы", - деди ал.