super.kg logo

Жамиля Муратова: "Азыр менин талаптарыма туура келген эркекти жолуктуруу оңой эмес, андай мырзалардын баары үй-бүлөлүү"

 

Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG`нин Түз эфиринде белгилүү ырчы, композитор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратованын маеги башталат. Көпчүлүккө белгилүү "Ак кайың", "Кызгалдак", "Сизге", "Каркыралар" деген ырларды аткарган ырчы музыкалык окуу жайлардын биринде вокалдан сабак берет. Анын окуучуларынын катарында жаш ырчылар Каныкей, Иса Өмүркулов, Даниель, Максат Бегалиев, Гүлжигит Калыков, Айдана Дека жана башкалар бар.

Жамиля Муратовага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Ырчы сиздин суроолорго саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын Түз эфиринде жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:00 Ырчы Жамиля Муратованын SUPER.KG`нин Түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы алып баруучу даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.

15:05 Ырчы учурда өзүнүн музыкалык мектебин кеңейтип, жаш ырчыларды тарбиялап жатканын айтты. Ошондой эле улуу небересин быйыл музыкалык мектепке берүүнү пландап жатканын кошумчалады.

"Неберемдин энергиясы абдан күч. Мындан улам аны урма аспаптар бөлүмүнөн билим алуусун каалайм. Өзү да ошону тандады", - дейт ырчы.

15:10 "Азыр "эптемей" ырчылар жок эмес. Колдон келишинче ар бир музыканы тандаган адам билим алуусу кажет. Мисалы, менин курагымдагы ырчылардын көбү абдан таланттуулар. Азыркы ырчылар да ошолордун жолун жолдошун каалайм. Менимче, бара-бара иргелип, жалаң гана мыктылар сахнада калат", - дейт ырчы учурдагы шоу-бизнес тууралуу.

15:15 Суроо: "Сиздин бир да ырыңызды билбейт экенмин. Ушунча жылда эл эсинде калган кайсы чыгармаларды жараттыңыз?"

"Менин чыгармачылыгыма кызыккан адамдар билет. Андай күйөрмандарым да көп. Ушул деңгээлге жеткениме ыраазымын. Ырларым көп. Билгиңиз келсе, SUPER.KG порталынан уксаңыз болот", - дейт ырчы.

15:20 Ырчы социалдык тармактарда талкууга алынган билдирүүсү боюнча айтып берди.

"Менин оюмча, жаштар чет жерде эмес, өз өлкөсүндө иштегенге аракет кылышы керек. Себеби ал жактан кырсыкка кабылып, ал гана эмес жаман жолго түшүп кеткендери да жок эмес. Мындан улам колдон келишинче мекендештер өз үйүндө, жакындары менен бирге болсо деп, аларга күйгөнүмдөн өз оюмду социалдык тармактагы жеке баракчама жазгам. Ар бир адам өз оюн билдирүүгө укуктуу. Түшүнгөндөр түшүнөт, түшүнбөгөндөр аман болсун", - дейт ырчы.

15:25 "Музыкалык окуу жайларда коррупция жок. Себеби канча көп акчаң болгону менен, талантың жок болсо анда эч кандай жыйынтык чыкпайт", - деди ырчы.

15:30 "Сабак бергенден сырткары, эки жылдан бери үлпөт көйнөктөрдү даярдоо менен алектенем".

15:35 Ырчы алып баруучу даярдаган оюнга активдүү катышууда.

15:40 Суроо: "Шоу-бизнесте ажырашуулар көп болуп жаткандай, себеби эмнеде?"

"Ырчы айымдарга көп эркектер чыдай алышпайт. Анткени чыгармачылыктагы айымдар эркиндикти жакшы көрүшөт. Албетте, колдогондор деле жок эмес. Бирок азыраак. Шоу-бизнестеги ажырашуулар ушундан улам болсо керек. Учурда менин жанымда да түшүнгөн адам жок. Эгер колдогон, түшүнгөн адам болсо, турмушка чыгууга каршы эмесмин. Азыр менин талаптарыма туура келген эркекти жолуктуруу оңой эмес, анткени андай мырзалардын баары үй-бүлөлүү", - дейт ырчы.

15:43 Суроо: "Белгилүү ырчыларга сабак бериптирсиз. Алар сиздин эмгегиңизди актадыбы?"

"Албетте, ыраазымын. Эң негизгиси алар өздөрүнүн чыгармачылык жолун тапса, бул мен үчүн чоң сыймык" дейт ырчы.

15:45 Суроо: "Душманыңыз көппү же досторуңузбу? Сизди каза болду деген жалган кабар тарап кетти эле..."

"Ооба, ошондой маалыматтар тарап кетиптир. Аны ким таратканын изилдегенге кызыккан да жокмун. Демек, көп жашайт экенмин деп жакшылыкка жоруп койдум. Ал эми досторум же душманым көппү аны билбейт экенмин", - дейт Муратова.

15:48 Ырчы жандуу үн менен түрк тилиндеги чыгарманы аткарып берди.

15:50 Суроо: "Актёрлук билимиңиз барбы? "Абысындар" деген тасмага тартылган элеңиз?"

"Актёрлук билимим жок. Бул тасмага өзүм суранып жатып тартылгам. Ырыс Жоомартовага "мени да бир киного тартчы, өзүмдү сынап көрөйүн" дегем. Ал макул болуп, "Абысындарга" тарткан. Фильмге тартылуу оңой эмес экен. Бул киного тартылгандан соң, мындан ары өзүм билген ырчылык менен эле алектенейин деп чечтим. Азыр тасмага тартылууга каалоом жок", - деди ырчы.

16:00 Ырчынын SUPER.KG порталындагы маеги соңуна чыкты.


кошулду


Жамиля Муратова: "Мага жагуу кыйын, мени түшүнүп, сүйгөн мырза жок. Болуп калса кабыл алам"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
11.04.2018. 15:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
14-11-2018 23:07
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биринчи жолу туз эфир оз убагында башталды окшойт ))))
11.04.2018. 15:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
25-10-2018 00:27
Жынысы:
Белгисиз
+4
jypara1415, оааа айтпаныз тарыхта биринчи жолу оз убагында
11.04.2018. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
410
Катталган:
13-05-2013
Соӊку аракети:
14-11-2018 15:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+9
jypara1415,эжекебиз пунктуальная экен. Азамат)
11.04.2018. 15:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
11-01-2009
Соӊку аракети:
14-11-2018 21:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй-булонуз жонундо кенирээк айтып берсениз?
11.04.2018. 15:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
11-01-2009
Соӊку аракети:
14-11-2018 21:24
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жамиля эже, логикалык суроо бергим келип жатат. Аялдар кайсы айда аз суйлошт? (Февраль-28кун болгону учун)
11.04.2018. 15:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 20:15
Жынысы:
Белгисиз
+1
kansuluu,сонун суроо го аябай күлдүм
11.04.2018. 15:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
11-01-2009
Соӊку аракети:
14-11-2018 21:24
Жынысы:
Белгисиз
0
ziash85,жаксале болду!
11.04.2018. 15:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 20:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы?көңүлүңүзгө жаккан жумушту атасаңыз?
11.04.2018. 15:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
14-11-2018 23:07
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсызбы Жамиля эжеке ? ! Бир ырынызга тартылган клипте , жени жок кокурогу ачык лямка койнок кийгениниз , бир эле мага эмес копчулукко жаккан эмес деп ойлойм . Сиздин курагынызга андай койноктор жарашпайт демекчимин . Туура кабыл алыныз , ишинизге ийгилик ! Маданиятка зор салым кошуп журо бериниз ....
11.04.2018. 15:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
08-06-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Рига
0
Ата-энениз,уй-булоонуз жонундо айта кетсениз
11.04.2018. 16:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
09-11-2018 12:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтындай болгон эже. Бар бол.
11.04.2018. 23:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1370
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 01:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
эркек жонундо ойлонбой эле коюнуз.
12.04.2018. 10:03 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
01-06-2017
Соӊку аракети:
01-08-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин талаптарынызга жооп беретурган эркек чырайлуу арык аялзатын карайтда.
Super TV
13.04.2018. 16:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
226
Катталган:
15-11-2011
Соӊку аракети:
07-05-2018 11:46
Жынысы:
Белгисиз
0
90 жылдардан бери дейби.Андан берки чыккан ырчылар чыгып кетишти го.бутагына коноюн деген ырынан башка ыры жок мен билгенден.тойго чакыруулар болсо барабы.билбейм кимге кандай мындай голом менен ырдагандар толтурам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117643;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: