Белгилүү "Титаник" кемесинде жазылган кат аукционго коюлду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, аукционго коюлган кат 1912-жылы 10-апрелде II класстагы жүргүнчүсү Кейт Басс тарабынан жазылган. Катта Басс кеме жаңы эле деңизге чыкканын жана кеменин ичиндеги жашоо тууралуу жазган.
"Байлар үчүн арналган бөлмөлөрдүн кооздугу көз жоосун алат. Менин бөлмөдөгү коңшум келе элек. Ошол себептен бүгүн эки чиркөө кызматкери менен түшкү тамак жедим. Катты бүгүн эле жөнөтүп коёюн. Анткени эртең деңиз оорусу менен ооруп калышым мүмкүн", - деп жазылган катта.
Кырсыктан аман калган Кейт Басс 1972-жылы 96 жашында көз жумган. Анын катын буга чейин үй-бүлөсү сактап келген. Каттын аукциондогу баштапкы баасы 30 миң доллар деп коюлган.
Айта кетсек, буга чейин "Титаник" кемесинин дагы бир жүргүнчүсү бизнесмен Оскар Холверсондун 1912-жылы 13-апрелде апасына жазган каты 166 миң долларга сатылган.