Ананьеводогу трагедия Бишкекте да кайталанышы мүмкүн. Күйүүчү май жана газ саткан жайлардагы эреже бузуулар

Кыргыз өлкөсүндө жылдан жылга арзанына азгырылып күйүүчү газ менен жүргөн айдоочулар көбөйдү. Мындан улам суроо-талап сунушту туудуруп жатат: өлкөдө унааларга газ сатуучу жайлар уламдан-улам көбөйүп баратат жана алардын айрымдары коопсуздук эрежелерин сактабай иш алып барышат.

Эрежелердин бузулушунан Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы газ сатуучу жай жарылып, 5 киши көз жумган. Ошондо өлкөдөгү бардык газ сатуучу жайлар текшерүүгө алынып, мамлекеттик тиешелүү органдар газ сатуудагы коопсуздук эрежелерин күчөтүүнү көздөшкөн.

Бирок азыр абал көп деле өзгөрбөгөндөй. Өзгөчө мындай абал Бишкек шаарында байкалат. Шаардагы жолдордун боюнда жана жаңы конуштарда сатуучулар күйүүчү майды кадимки цистернадан эле сытышат. Аларга унаа ээлери, күнүмдүк тиричилик үчүн керектөөчүлөр кайрылышат. Мындай ыкмада соода кылгандар шаарда рейд жүрүп жатканын угары менен бири-бирине айтып, соода жайларын башка жерлерге которуп кетет.

"Бул транспорттук каражат болгондуктан, аларды биз патрулдук милиция менен текшеребиз. Бирок соодагерлер бат-баттан соода орундарын которо беришет, биз алардын артынан кууп жүрө албайбыз. Эгер мындай фактыны аныктасак кооптууу жүктү ташыгандагы эрежелерди бузгандыгы үчүн 10 миң сом өлчөмүндөгү айып салынат. Бирок шаарда кооптуу жүктөрдү койгон айып аянтчасынын жоктугу көйгөй жаратууда. Ушул себептен биз аларды ишиңерди токтоткула деп мажбурлай албайбыз. Ал айып салынгандын эртеси эле кайра чыгып, жумушун уланта бериши мүмкүн. Кардарлар алардын уруксат берген документи барбы же жокпу деп кызыкпайт да”, - дейт Мамэкотехинспекциянын инспектору Шекербек Керимкулов.

Анын айтымында, стационардык газ өткөрүүчү жайлардан да коопсуздук эрежелеринин бузулушу кездешет. Негизги эреже бузуу - резервуарлар жердин астына эмес үстүнө коюлуп, газды өткөрүү колго жасалган өткөргүчтөр менен жүргүзүлүүсү. Бирок Керимкулов мыйзамсыз иштеген газ сатуучу жайлар менен күрөшүү чектелүү экенин айткан.

Көйгөй эмнеде?

Керимкуловдун айтымына караганда, көйгөйдүн баары нормативдик эрежелердин базасынын толук иштелип чыкпаганында. Көп мыйзамдар эскирген, андагы эрежелер бардык эле норма бузууларды текшере бергенге жол бербейт.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, чындыгында мындай объектилердин жумушунун эрежелерин бир нече жолу алмаштырышкан. Калк жашаган жерлерге күйүүчү майларды саткан көчмө станцияларды орнотууга мурда тыюу салынчу, бирок 2015-жылы Мамлекеттик архитектура жана курулуш башкармалыгы курулуш эрежелерине жана номаларына өзгөртүү киргизип, күйүүчү газдарды саткандар калк жашаган жерге жайгашса болот, болгону турак үйлөрдөн 20 метр аралыкты сакташ керек деген эрежени киргизген.

Ал эми газ сатуучу жайларга келе турган болсок, курулуш эрежелери жана нормаларына ылайык, алар ээн жерлерге, эң башкысы резервуарлар жер алдына орнотулуп курулушу шарт.

Бирок бир эске алчу жагдай бар: техникалык-экономикалык максатта болсо резервуарды жердин үстүнө деле жайгаштыра берсе болот. Анткени менен Техникалык-экономикалык максаттуулукта иштетүүнүн критерийлерин эч ким түшүндүрүп бере албайт. Бирок коопсуздук нормалары боюнча резервуарларды жердин үстүнө орнотууга таптакыр тыюу салынат.

Азыр Бишкекте текшерүүлөр улантылып жатат жана жыл башынан бери газ сатуучу 17 жайдын алынуусу боюнча эскертүү берилген. Ананьеводогу жарылуудан кийин газ станцияларын орнотуу жана иштетүү эрежелери кайрадан каралып чыккан. Учурда бул боюнча жаңы документ ведомстволордун кароосунда турат.

Башкы маселе - бул ишкерлердин жоопкерчиликсиздигинде болуп жатат. Алар күйүүчү майларды, газды саткан чакан жайларды ачып алып кооптуу каражаттарды эрежеге ылайыксыз шартта сатып, тартипти бузуп жатат.

Адам өмүрүн тобокелге салганына карабастан мындай жайлардын көп ачылып жатканына караганда алар чоң киреше таап жатышат.


кошулду
Ананьеводогу трагедия Бишкекте да кайталанышы мүмкүн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2018-04-12 19:02:49
Кудайым сактасын
+2
Mers124
2018-04-13 02:03:31
Жер асты муздак болуп, газдын давлениясы теппей калат деп уккам да.
0
jaskaaa
2018-04-13 19:39:54
Mers124,Жердин астында коопсузураак
. Газ ысыкта плотност көбөйүп жарылуусу мумкун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан