Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда түн ичинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Учурда Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде келтирилген чыгымдарды тактап жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ӨКМнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.
"Өрт толугу менен саат 06:27де өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүдө бригада көптөгөн кыйынчылыктарга кабылды. Анда соода түйүндөрү жолду тосуп алышкан. Борбордук базардын дарбазасын ача албай кармалып калышты. Андан сырткары электр зымдарын кырккыча да көп убакыт кетти. Өрт учурунда ар бир секунд маанилүү", - дейт жетекчи.
Ошондой эле ал аталган өрттү өчүрүүгө атайын 6 техника тартылганын билдирди. "Өрт өчүрүүчү унааларда суу жок, эл чакалап суу ташып өчүрдү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени өрт түнү катталып жатса, базарда эч ким болгон эмес. Соодагерлер эртең менен жумушка келип, унаалардагы суунун жоктугун өрт өчүрүлгөндөн кийин көрүп жатышат", - деп кошумчалады ал.
Эске салсак, бүгүн, 13-апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт чыкканы кабарланган. Анда негизинен борбордук базардын "Эт сатылуучу павильону", "Ташкент катары" жана "Жер-жемиш сатылуучу" бөлүктөрү күйгөнү маалымдалууда. Аталган өрт кырсыгынын күбөсү SUPER.KG порталына "Өрт өчүрүүчү унааларда суу жок, эл чака менен суу ташып өрттү өчүрүп жатат" деп билдирген эле.