"Ош базарында" соода орундары өрттөнүп кеткен тургундар өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты

"Ош базарында" соода орундары өрттөнүп кеткен тургундар бүгүн, 16-апрелде өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Учурда имараттын астына топтолгон эл өкмөт башчы Сапар Исаковду сыртка чыгып, алардын сөзүн угуусун талап кылышууда. Топтолгон соодагерлердин саны болжол менен 150гө жетет.

Айта кетсек, 13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкерлер тартылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, базардын 5 миң 400 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Айрым сатуучулардын товарлары дээрлик күйүп кетип, күлгө айланган.

Буга чейин да "Ош базарынан" 2 ирет өрт чыгып, соодагерлер материалдык чыгым тартышкан. ӨКМ биринчи жолку кырсык өрт коопсуздугу сакталбаган электр зымдарынан чыкканын, 2-жолкусунда атайын кимдир бирөө тарабынан өрттөлгөнүн билдирген. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча бул ирет да базар атайын өрттөлүшү мүмкүн экенин аталган мекемеден билдиришти.

Өрттөнгөн "Ош базарынын" соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына чогулушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан