Бишкекте мас абалында 19 жаштагы К.К. аттуу кызды унаасы менен сүзүп, андан кийин тебелеп кеткен айдоочу эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-апрелде 25 жаштагы айдоочу СИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Айта кетсек, буга чейин Бишкек ШИИББинен мас абалындагы 25 жаштагы айдоочу 17 жаштагы кызды 20 метрдей жерге ыргыта сүзүп, кийин тебелеп кеткенин кабарлашкан. Жаракат алган кыз ошол жерден каза болгон. Ал эми жол кырсыгы ошол жердеги видео көзөмөлгө түшүп калган. Ал эми унаанын айдоочусу ички иштер министринин мурдагы орун басары Нурбай Касымбаевдин уулу экени айтылган. Бул боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, алар бул маалыматты тастыктоодон да, жокко чыгаруудан да баш тартышкан.