Орусияда жол кырсыгына кабылган Кыргыз жарандарына мекендештер акчалай жардам көрсөтүштү

Орусияда жол кырсыгына кабылган Кыргыз жарандарына мекендештери чогулткан акчалар жеткирилди. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз диаспорасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн Орусиянын Москва шаарындагы жана Москва облусундагы диаспора өкүлдөрү Рязань облусунда жол кырсыгына кабылган мекендештердин абалы менен таанышып, аларга Кыргыз мекендештери тарбынан чогулган акча каражаттарды тапшырышты. Ошондой эле Рязань облустук ооруканасынын башкы дарыгери менен жолугуп, жол кырсыгынан оор жаракат алгандарга эртерээк тийиштүү операцияларды жасоону өтүнүштү.

Эске салсак, жол кырсыгы 1-апрелде Орусиянын Рязань облусунун Шацк районунда катталып, анда 8 кыргыз жараны жаракат алган. Алардын төртөө ооруканадан чыгарылган. Ошондой эле жол кырсыгы боюнча Орусиянын мыйзамына ылайык 264-берене (жол эрежесин бузуп, натыйжада адамдын ден соолугуна залака келтирүү) менен кылмыш иши ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
romaantik
2018-04-16 19:12:28
Аллаh ыраазы болсун
+2
aika2013
2018-04-16 23:37:41
Олкобуздон жардам болду бекен, бир жылда 307 млн сом Россиядан которулса
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан