“Кумтөр” көрсөткүч катары же инвестор менен келишим өкмөттүн эмнеге жетишкендиги тууралуу


Кимдир бирөө таң калат, бирок бул факт! “Кумтөр” маселеси көп жылдан бери биринчи жолу өкмөттүн жетишкендик тизмесинде. Тагыраагы, өкмөт жана кыргыз тарап акционери болгон компаниянын ортосунда жетишилген макулдашуулар. Тизмеге кошулган пункт алтынга тете десек аша чапкан болбойбуз.

Сапар Исаковдун өкмөтүнүн жетишкендик тизмесине эмнелерди ишенимдүү кошсо болот? “Кумтөр” маселесин чечкенин. Эксперттердин пикиринде, кол коюлган макулдашууларды өкмөттүн гана эмгеги десе болот. Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү акыркы жылдын ичинде канадалык өнөктөш менен оңой эмес сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Эми бул сүйлөшүүлөр Сапар Исаков жетектеген жаңы өкмөттүн тушунда акыры соңуна чыкты. “Кумтөр” маселеси боюнча узакка созулга чиновниктердин биргелешкен эмгеги жемишин берди. Бул мактоого татыйт.

Жетишилген макулдашууларга ылайык, “Центерра” айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларга 50 миллион доллар бермекчи. Акча биринчи кезекте Ысык-Көл акваториясында заманбап агынды тазалоочу жайларды курууга жана жаңылоого жумшалат. Мындан тышкары, 2009-жылдагы макулдашуудагы экологиялык төлөм 310 миң доллар болсо, эми жылына 3 миллион долларга чейин жогорулайт. “Кумтөр Голд Компани” көз карандысыз эл аралык “АМЕС” экологиялык кеңешчинин бардык сунуштарын аткарууга милдеттенди. “АМЕС” буга чейин өкмөт тарабынан тартылган болчу.

Социалдык өнөктөштүктүн алкагында канадалык инвесторлор Улуттук онкология борборун жаңылоо жана техникалык камсыздоого 10 миллион доллар бөлдү. Биринчи бөлүгү 7 миллион доллар өлчөмүндө 2017-жылы берилген, ал эми Улуттук онкология борборун ким жабдый турганын тендердик комиссия ушул айда аныктайт.

Калыбына келтирүү фондунун механизми так иштелип чыкты. Ага ылайык, каражат Кыргыз Республикасынын финансылык башкармалыктарында сакталып, жыл сайын 6 миллион АКШ долларынан 69 миллион АКШ долларына чейин көбөйөт.

Ошондой эле “Центерра” республикадагы жаңы жерлердеги геологиялык чалгындоо, кыргыз тарап менен биргелешкен кен ишканаларды ачууга инвестиция салууга даяр экенин билдирди. Көз карандысыз эксперттердин баамында, канадалык инвестор менен макулдашуу өлкөнүн инвестициялык климатына оң таасир берип, “Центеррадагы” Кыргызстан акцияларынын наркын жогорулатат.

Бирок бул гана эмес! Сапар Исаковдун өкмөтү “Кумтөр” ишканасынын жетекчилигинде өкүлчүлүктү кеңейтүүгө макулдашты. Эми компаниянын беш жогорку жетекчисинин үчөө Кыргызстан жараны болот. Алардын бири генералдык менеджер кызматын ээлесе, калган экөө корпоративдик байланыш жана туруктуу өнүктүрүү боюнча директорлору болду.

Өкмөткө мунун баары эмнеге крек? Өкмөт “Центерра” менен кызматташууну өлкөдө санариптик өнүгүү жана жаңы башкаруу ыкмаларына өтүүгө тыгыз байланыштырып жаткан өңдөнөт. Компаниянын өндүрүштө гана эмес, дүйнөлүк рыноктордо, ачык-айкын иш алып барууда да чоң тажрыйбасы бар. Алга секирик зарылчылыгы бар деп келаткан кыргыз технократтары так ушуга жетүүнү максат коюп келет эмеспи.

Өкмөт жакшы прецедент жаратты деп эсептейт. “Кумтөр” боюнча жаңы макулдашуу инвесторлор үчүн жакшы белги болуп, бийлик тил табышууга жөндөмдүү жана конкреттүү максаттарды коюп жатканын көрсөттү. Мындан тышкары “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдү баштаган Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодо жеңиши чечимдердин мындан ары уланышын камсыздай алат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан