super.kg logo

"Кыздарыбызды башка улутка бербейбиз!" Бишкекте жигиттер кыргыз кыздарынын чет өлкөгө барышына каршы жүрүшкө чыгышат

 

20-апрелде Бишкек шаарындагы Фрунзе-Панфилов көчөсүнүн кесилишине жакын жерде кыргыз жигиттеринин жүрүшү өтөт. Жүрүш кыргыз кыздарынын чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгуусуна каршы өтө турганын SUPER.KG порталына уюштуруучу Тилек Таалайбеков билдирди.

Жакында эле социалдык тармактарга Түркиянын Ван шаарында жашаган этникалык Кадыр аттуу кыргыз жигиттин Кыргыз кыздарынын кор болгону тууралуу айткан видеосу тараган. Ал жакшы иштерде иштеген Кыргыз кыздарынан тышкары саунада, жатаканада эркектерге кызмат көрсөткөн 20 жаштагы кыздардын да көп экенин айткан. Ошондой эле ал түркиялык досторунан Кыргыз кыздары жеңил ойлуу деген пикирди укканда уяла турганын, бардыгыбыз намыска келишибиз керек экенин кошумчалаган.

Таалайбековдун айтымында, бир топ жылдан бери Кыргыз жигиттеринин тобу кыздардын башка улуттун жигиттерине кор болушун алдын алуу иштерин жүргүзүп келишет. Ушундай максатта Түркияда жашаган кыргыздардан абалды айтып, видео жөнөтүшүн суранышкан. Көп өтпөй Кадыр аттуу жигиттин кайрылуусу жооп катары келген.

"Мен өзүм чет элдин көп шаарларында иштедим. Ал жактагы абалды аябай жакшы билем. Ошол жерде көп кыздардын башка улуттун жигиттерине алданып, сабалып, төрөп, баласын таштап кеткенин көрүп зээним кейичү. Кийин мендей болуп кейип жүргөндөр топ түзүп алдык. Биз кыздарга орой мамиле жасап же видеого тартып уяткарбайбыз. Тескерисинче, укугун коргойбуз, кыргыз кыз-келиндеринин сыртка чыгуусуна аргасыз кылып жаткан жагдайлардын азаюусуна аракет кылабыз", - деди Таалайбеков.

Жүрүшкө чыга турган жигиттердин максаты:

1. Өтө жаш кыздардын чет элге иштеш үчүн чыгуусун токтотуу;

2. Чыкса, атасы же энеси, күйөөсү, тууганы менен кошо кетүүсүн кароо;

3. Кыргыз жеринде ажырашкан эркектерге айып салуу, алименттин суммасын көтөрүү жана аны кечиктирүүсүз милдеттүү түрдө төлөтүү.

"Бүгүнкү күндө бул маселе бышып жетилди. Дагы бир ачуу чындык - кыргызды кыргыз эле сатат. Биздин топтогу жигиттерге канчалаган кыздар жардам сурап кайрылышат. Жакында эле Түркиядан 2 эжекебиз качып келди, баштыктарын бүт таштап келишиптир. Алар Түркиянын Эдем деген Сирияга жакын шаарына жакында эле барышкан. Жаман иштерде иштей турганын билгенде качып келишип, абалды айтып беришти. Алардын айтымында, "Офис" деп атап койгон жер бар, анда жүздөгөн кыздар иштешет. Кыздарга аябай жаман мамиле жасалгандыктан ачкалыктан ооздоруна учук чыгып кеткендери бар. 2 жаш кыргыз кызы боюна бүтүп калып, ата-энесине кайрылганда алар жолго акча салып, кайра чакырткан.

Москвада кыргыз кыздарын топтоп, Түркияга саткан кыргыз келинди билем. Ал кыздарды иштеткен жайды текшерүү үчүн биз өзүбүздүн бир кызды "иштеген кыз" катары киргизгенбиз. Ал эже менен мындай аракетин токтотуу тууралуу сүйлөшкөндөрүм менде сакталуу. Биз укук коргоо органдарына кайрылганга чейин эле ал кургак учук менен ооруп мекенибизге кайтып келиптир. Өзү да башка улуттагы эркектер менен жашап жүргөнүн айтышат. Учурда ооруп, абалы жакшы эмес экенин билип милицияга кайрылган жокпуз", - деди Тилек Таалайбеков.

Анын айтымында, жүрүштүн соңунда талаптар тизмектелип жазылып, иргелип Жогорку Кеңешке кайрылуу катары жолдонот.

"Биздин топтун окуп, билим алуу үчүн же жакшы карьера жасоо үчүн чет элге чыккандарга каршылыгыбыз жок. Болгону жашы, акылы толуп, өзүн алдатпай турган куракка келген кыз-келиндер чыгышы керек деген талабыбыз бар", - деп белгиледи ал.

Социалдык тармакта бул демилге кызуу талкууга алынууда. Колдонуучулардын арасында мындай жол менен кыздардын, алардын үй-бүлөлөрүнүн маселесин чечүү мүмкүн эмес экенин айткандар бар. Интернет баракчаларындагы билдирүүлөрдөн:

"Жумушу жоктор митингге чыгууну адатка айлантып алышты. Мындай жоругуңар менен жалпы кыргыз кыздарын жеңил ойлуу дегенге чыгарып жатасыңар. "Түптүз" жүрүп иштеп, бир туугандарына, ата-энесине жардам берген кыздар толтура. Алар көзгө көрүнбөйбү?"

"Силер адегенде шарт түзүп койгула анда, жумушчу орундарды түзө аласыңарбы? Андан кийин талабыңды айтсаң жарашат".


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(33)
17.04.2018. 13:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
09-11-2018 09:05
Жынысы:
Белгисиз
-31
Жыланач баатыр боло бербей, экономиканы которуш керек.
17.04.2018. 14:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
16-02-2017
Соӊку аракети:
13-08-2018 19:38
Жынысы:
Белгисиз
-2
i1urp,э койчу кайдагыны айтпай бутунда жыртык байпак анан экономтканы суйлойсун ар намыс жок болсо экономиканын эмне кереги бар.
17.04.2018. 15:22 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
171
Катталган:
08-12-2017
Соӊку аракети:
18-07-2018 23:34
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ask094, экономика көтөрүлбөй калдыго прокурор судьялар 200 миңден пара алып атышса кызматан бошогону кайра эле чоң кызматка отуруп атса. Президент депутаттар иштебей койгон күндө да чөбөрөсүнө чейин жете турган байлыктары бар туруп жанталышып атышса. Тышкы карызды көбөйтүп сол чөнтөгүнө салып атышса. Элди ойлогон адамдар ак жерден кесилип, чоңдордун балдары кара джип айдап кутуруп адам өлтүрүп коюп эркиндикте журсө, кайдан оңолмок элек
Kojo1995 түзөттү 2018-04-17 15:32:48
17.04.2018. 13:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
746
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
14-11-2018 15:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+21
Туура колдоого ала турган иш. Түптүз жүргөн кыз келиндерибиз да бар бирок алданып же өз каалоосу менен жаман жолдо жүргөн кыз келиндерибизден да куру эмеспиз. Эркекте намыс болсо аялын, кызын, эже-карындашын жалгыз чет өлкөгө жөнөтүп өзү үйдө жатпайт.
17.04.2018. 13:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
527
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
09-11-2018 22:01
Жынысы:
Белгисиз
+15
Туура эле жаш мектепти буткон орус тилин билбеген кыздарын коркбой кантип жонотушот билбейм,менда коп ушундай жагдайга туш болгон жаш кыздарды кордум, ата энелер акча табат деп эле жоното бербегиле келери менен эле оной жумуш таап иштеп кете алышбайт.
17.04.2018. 13:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
18-03-2017
Соӊку аракети:
02-09-2018 18:53
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эн туура. Кыздарыбыз биздин келечегибиз.
17.04.2018. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
20-07-2013
Соӊку аракети:
26-10-2018 19:52
Жынысы:
Белгисиз
-12
Жигиттин Айканы туура , кыргызча так суйлогонду уйрончу
17.04.2018. 14:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
208
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 11:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+12
Mazi1280,Этникалык кыргыз деп жатпайбы.
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-17 16:16:27
17.04.2018. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
13-08-2017
Соӊку аракети:
22-08-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mazi1280, ал деген этникалык,чет жерде торолоуп,чет жерде оскон кыргыз. Ошондой болсо да кыргыз учун жаны ачып,намыска келтирер ишти жасап жатат. ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-17 17:13:34
17.04.2018. 13:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
400
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
14-11-2018 16:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
+15
Эн туура жонотпогуло Жана башка улуттка турмушка кыздарды бербегиле
17.04.2018. 14:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
07-06-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 13:13
Жынысы:
Белгисиз
+8
Барып катышалы колдоого алалы жигиттер
17.04.2018. 14:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
208
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 11:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Эл байыган сайын дагы коп жонотуп жатышат.
17.04.2018. 14:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
642
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 17:06
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодец.Колдойбуз!
17.04.2018. 14:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
16-02-2017
Соӊку аракети:
13-08-2018 19:38
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец уже мындан кечиктирсек кыргыз дегенде уялчу болуп кетебиз жигиттер барып катышалы эл учун эже карындаштардын келечеги намысы учун. Алга Кыргыздарым окмотубуз сокур болсо болсун эл сокур болбойлу
17.04.2018. 14:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
168
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 13:20
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен аял заты болуп.менда колдойм.андай женил ойлуу кыздарыбыз толтура.бирок баары эмес.арасында оз ордун таап ата энесин багып жаткан кыздарда бар.бирок аз.кообу акчага берилгендер.мен интернеттеги ХХХХХХХх чыгарып алган турк баланын кыргызымдын кыздар менен тушкон суротун коруп олуп алгым келди.кантип ХХХХХХХХ менен жатып журушот.мени алтынга комуп койсода журмок эмесмин ХХХХХХхх менен.лучше Жайнамаз устундо ачкадан Кудайдан суранып жатып ак олмокмун.Тобо кылдым
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-17 15:36:00
17.04.2018. 14:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
14-11-2018 16:20
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул деле биздин келечегибизге болгон жакшы кадам кыргыздын жигиттери ушул нерсени колдоп берели
17.04.2018. 15:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
703
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эми ойгондуңарбы,мурда кайда жүрдүңөр?Митинг мн эмнени чечесиңер,мигрант кыздардын казанына аш салып бересиңерби?Бул нерсени токтотуш үчүн чоңдордун алкымын кичирейтип экономиканы көтөрүш кк жана ынтымак керек.Биримдик ынтымак болмоюн эч нерсеге жетпейбиз,мен түшүнбөйм да эмнеге кыргыздар бири бирибизди көрө албайбыз колдоп коштогондун ордуна боктойбуз буттан чалабыз.Б.Эркинбаев болгондо мынча кор болбос белек деп ойлоп койдум айласыздан.
17.04.2018. 15:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 14:26
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жумушсуздукту жоюш керек. Завод, фабрикаларыбыз жок. Акчанын артынан баары эле качып кетет.
17.04.2018. 15:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
375
Катталган:
13-04-2015
Соӊку аракети:
03-10-2018 10:18
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эң туура, каяктагы сөз менен айтып таштабай аягына чейин жеткир да
17.04.2018. 15:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 01:15
Жынысы:
Белгисиз
-5
Колдойбуз бирок алимент тууралуу оюунар туура эмес. Ажырашуунун себеби бир кана эркекте эмес. Куйоосу жакшы аялы ичкичтер толтура
17.04.2018. 16:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
13-08-2017
Соӊку аракети:
22-08-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
-1
BekAmir,туура айтасын тууган. Ичкич эле эмес,турган турушу менен акмак аялдар толтура. Анан акмак менен омур бою эркек озун-озу кордоп,кыйнвла бериш керекпи.
17.04.2018. 16:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
13-08-2017
Соӊку аракети:
22-08-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура эле иш-чара. Бирок деген жагы да бар да. Чет жерде жургон кыз-келиндердин баары эле бузулган эмес. Ата-энесин,уй-булоосун багып,куну-туну кара жанын карч уруп иштеп жургондору да коп. Жашоо-абалыбыз бул болуп турса чет жака чыкпа,иштебе деп айткан,тыюуу салган да болбогон нерсе. Болгону кыздарыбызды чет элдиктерге турмушка чыгуусуна мыйзам негизинде тыюуу салыш керек. Эгер эле суйуп-куйуп,Олжобай менен Кишимжан болуп кетишсе анда ошол суйгонунун олкосуно барып,жарандыгын алып жашасын.
17.04.2018. 17:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
12-03-2016
Соӊку аракети:
22-06-2018 15:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Санкт-Петербург
+2
Nibiru.,++
17.04.2018. 16:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
13-08-2017
Соӊку аракети:
22-08-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бирок биздин кыргыз жарандыгын нике аркылуу болок улуттарга бергенге таптакыр тыюуу салыш керек! Антпесе озубуз бир ууч эл болсок,жаныбызда калдайган кытай жатса,улутубуздун келечеги чон коркунучта экени айтпаса да белгилуу эмеспи. Ал эми тиги бузулган кыздар тууралуу айта турган болсок,андайлар ар бир айыл,ар бир кочодо бар. Чет жерде эле эмес,кыргыз жеринде эле бузулуп,ойноп,чартандап журушот. Алардыкы коробойт дагы. Канчалык тыюуу салсан деле болбойт ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-17 17:11:24
17.04.2018. 17:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
807
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
09-11-2018 19:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
-2
Кочодо баспай уйундо олтуруп бизнес же кичи ишкана ачканды ойлон. Силер топтолуп кочодо бассанар эле кыздардын курсагы тойуп, кийими бутолуп, уйлоруно кайтып келип калабы же Туркияга учпай калышабы ? Аты чыкпаса жер орттогон пиарщиктер кобойду. Он жолудан он кун журуш кылсанар дагы экономика, жашоо шарт онолмойун мындай нерселер токтобойт
18.04.2018. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 12:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AKCAHAT,эн туура айтасыз эконмикан мышык ыйлааарлык абалда болсо жоо журушу жок эле ишини кыл пайда келе турган
17.04.2018. 18:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1035
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 08:05
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен колдойм туура сунуштар менен чыгып жатышат экен өзүбүздүн кыздарды өзүбүз коргойлу жигиттер.
17.04.2018. 20:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
19-08-2017
Соӊку аракети:
28-10-2018 12:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moskov
-1
Ошенткиле
18.04.2018. 00:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
12-02-2016
Соӊку аракети:
29-07-2018 21:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча деген баленин айынан женил ойлука алдырып кор болуп журот кыргыздын кыздары бирок Бир жагынан чала болот корболгон кыздарга кыргызымдын жигиттерин чанып кайактагы кайнаса канын кошулбаган чет Жака турмушка чыгышат
18.04.2018. 09:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
03-02-2015
Соӊку аракети:
28-07-2018 06:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турцияга барганымда,кыргызмын дебегин дешкен. Эмнеге десем,башка бизге кошуна олкодон баргандар да кыргызмын деп жаман жолдо журушот экен. Биздин кыргыз атыбызды ошентип булгагандар коп экен. Ошого кыздарыбызды сактайлы,улутту сактаган аял заты.
18.04.2018. 09:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
26-07-2018 04:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Los-Angeles
-2
Болбогон журуш! Силер жаш кыздарга тыю салуу керек дейсин. Жашкы кыздын баары эле сойку болуп кетип жаткан жок, туз жолдо иштегендери канча. Кыргызстандын озундо эле канчалаган сойкулар бар. Кыргызстанда жумуш орундары тузулмоюн, сыртка чыгуу токтобойт. Таптакыр жакындары жок жетим жесир кыздар бар, аларды ким багат озун озу бакбаса силер багасынарбы? Кичине башты иштетип анан суйлош керек.
18.04.2018. 10:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
178
Катталган:
29-03-2014
Соӊку аракети:
14-11-2018 13:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жумушсуздук эле дейсиңер. Жумушсуздук эмес, жумуш кылса даараткана тазаласа да дене сатканга караганда адал оокат табылат. Жумуш жок деп эле сөзсүз дене сатып кетиш керекпи? Тил үйрөнүүгө ким тоскоол болуп жатат? Үйрөнүп жашынакай болуп иштеп жүрбөйбү жүздөгөн кыздар. Кыйынчылыктан чыгуу үчүн сөзсүз дене сатуу керек эмес. Жигиттер да кыздарды алдап кетпей ар намыстуу болушса. Убактылуу пайдаланып басып кетип, акылы жок кыздарыбыз денесин сатууга башка улутка турмушка чыгууга макул болуп атышат..
18.04.2018. 12:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
226
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 16:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда башка улутка уйлонбосунда.Башка улуткп тийген кыздан караганда башка улутка уйлонгон эркек ото коп.Эркек озу аз болсо анан не кылышмак кыздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: