Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында унаа жарышка катышкандар жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Ысык-Көл облусундагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
"Кара-Ойдогу унаа жарыш боюнча бизге маалымат түшкөн эмес. Бул боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, жарышка катышкан айдоочуларды жоопко тартабыз. Алар Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 249-беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылат. Анын негизинде айдоочуга административдик айып салынат", - дешти башкармалыктан.
Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабарга" Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында адам өмүрүнө коркунуч жараткан унаа жарыш оюндары өтүп жатканын билдирген болчу.
SUPER.KG порталы бул боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгын башкармалыктан билип, окурмандарга маалымдайт.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 249-беренеси менен жоопкерчиликке тартылган жаранга 5 миң сом өлчөмүндөгү айып салынат.