super.kg logo

Президент Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековго салынган айыптан баш тартты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековго салынган айыптан баш тартты. Бул маалыматты 17-апрелде SUPER.KG порталына президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева тастыктады.

Кабай Карабековдун айтымында, президент Свердлов райондук сотунун сот аткаруучулар кызматына кайрылып, журналисттен талап кылган 5 миллион сомдук айып пулдан баш тартканын билдирген. "Президент Сооронбай Жээнбеков көрсөткөн үлгү колдоого жана сыйга татыктуу", - дейт журналист.

Эске салсак, 11-сентябрда аталган агенттикке Кабай Карабековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиге барганы боюнча "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы жарыяланган. Анда Москва тарапты "ага-ини Жээнбековдордун радикалдуу араб уюмдары менен тыгыз байланышы бар болушу мүмкүн" деген Кыргыз жана Орус атайын кызматтары берген маалымат тынчын алып жатканы тууралуу жазылган. Мындан улам ошол кездеги президенттикке талапкер Жээнбековдун шайлоо штабы сотко кайрылган.

Ишти Бишкектеги Свердлов райондук соту карап, 5-октябрда Кабай Карабековдон жана 24.кг агенттигинен 5 миллион сомдон айып пул салуу чечимин чыгарган. Бул чечимди Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.

Ушул жылдын 5-февралында Сооронбай Жээнбеков 24.кг маалымат агенттигине коюлган 5 миллион сом доосунан баш тарткан. Ал эми журналист Кабай Карабековго карата айып пул боюнча арызды Жээнбеков чакыртып алган эмес болчу.

Кечээ, 16-апрелде журналист Кабай Карабеков президент Сооронбай Жээнбековдон кечирим сураган.

2017-жылы Башкы прокуратура экс-депутат Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган.

Былтыркы жылдын 30-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту биринчи иши боюнча башкы прокурордун арызын толук канааттандырып, "Заноза" сайтын, анын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана экс-депутат Чолпон Жакупованы жалпысынан 12 миллион сом доого жыккан.

Ушул эле күнү дагы бир доо арыз каралып, анда соттун чечими менен “Заноза” сайты жана журналист Нарын Айып өз-өзүнчө 3 миллион сомдон төлөөгө милдеттендирилген.

3-июль күнү кезектеги доо арыз боюнча соттук отурум болуп өтүп, анда да Башкы прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, сайт 6 миллион сомго, Нарын Айып 3 миллион сомго доого жыгылган.

4-июль күнү "Ата Мекен" партиясынын адвокаттарына байланыштуу доо арыз боюнча "Заноза" 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ошентип экс-президентке компенсациянын көлөмү баш-аягы 30 миллион сомго жеткен.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 18 
Комментарийлер(11)
17.04.2018. 19:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
07-04-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогул
+34
Алкыш гана айтыш керек, жаңы ажобузга ишеним күндөн-күнгө өсүүдө деп ойлойм, туура, мурда терс сын-пикирлерди жазчумун Сооронбай Шариповичтин дарегине, эми ал ойлорумдан кайтуудамын, баарын убакыт көргөзөт...дагы күтө туралы, балким мамлекетибиздин абалы кардинально өзгөрүп кетүүсү толук мүмкүн
17.04.2018. 19:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
28-02-2012
Соӊку аракети:
15-04-2018 16:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад шаары
+24
эркек екен башка соз жок
17.04.2018. 19:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
19-09-2017
Соӊку аракети:
07-07-2018 14:16
Жынысы:
Белгисиз
+21
Падышабыз аман болсун,
17.04.2018. 19:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
346
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 12:07
Жынысы:
Белгисиз
+21
Мен да башында каршы болгонмун.азыр эми жакшы умуттор жанданып прездентибизге ишеним артып баратат.
17.04.2018. 20:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
19-08-2016
Соӊку аракети:
05-09-2018 19:01
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мен да каршы болгом бирок каршы болгондордун 90%ти АШАнын айынан болгон болуш как,азыр ишеним артып баратат , эми элдин ишеничин актап сыйын , кадырын сактап калган ажо болсо экен
17.04.2018. 21:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
01-07-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Президент Оштон Бишкеке эмне менен учуп келди же учакты Ошко чакыртыбы ким билет
17.04.2018. 22:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
554
Катталган:
29-05-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 11:29
Жынысы:
Белгисиз
+17
ilgiz-kg01,степ менен барыптыр
Бишкекке.
18.04.2018. 08:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат үлгү болорлук кадам... Чыныгы айкөлдүк. МЕН да шайлоодо каршы болгом ,эми 97%колдойм.Алга Ажо!!!!!!
18.04.2018. 08:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
18-12-2015
Соӊку аракети:
21-09-2018 08:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Ажобузга ыйман берсин. Бизге темирдей тартип жана тынчтык керек.
18.04.2018. 10:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
377
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
31-08-2018 12:35
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура айтасыңар мен да каршы болгомун,эми ишенич артып атат,жаңы реформаларды кылыш керек,ошондо элдин ишеними дагы артат
tursunbaev78 түзөттү 2018-04-18 10:01:32
18.04.2018. 11:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
04-07-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ашага окшоп кекчил эмес экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: