Депутат: "Бир жылда өлкөдөгү базарларда 5 өрт кырсыгы болду, жоопко тартылган бир да адам болгон жок"

Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңеште "Ош базарындагы" өрт жана Жалал-Абад шаарындагы базарда болгон өрт боюнча маселе каралууда.

Анда депутат Айтмамат Назаров бир жылда өлкөдөгү базарларда 5 жолу өрт болгонун эскертип, бирок бир да адам жоопко тартылбаганын айтты.

"Ош базарында" үчүнчү жолу, Жалал-Абад базарында, Базар-Коргондо, Өзгөндө базарлар өрттөндү. Бизде бул өнөкөткө айланды. Кимге кандай чаралар көрүлдү? Бир нече карапайым адамдар жапа чекти. Эгер эч ким жоопко тартылбаса, бизге министрликтердин эмне кереги бар? Эмне үчүн эл өкмөткө ишенбейт? Текшергенде кыйынбыз баарын чакырып, четинен текшеребиз. Жоопкерчиликке эч ким тартылбайт. Өзгөндө, Базар-Коргондо базар өрттөлгөнүнө жакында бир жыл болот. Дагы канча күтүш керек? Өкмөттүн алдын алуу, жоопко тартуу боюнча бир да иши жок", - деди Назаров.

Жыйынга катышып жаткан вице-премьер-министр Санжар Мукамбетов депутаттын суроолоруна жооп бере алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан