super.kg logo

Москвада Кыргыз жаранын бычактап кетишти деген маалымат тарады

 

Орусияда Кыргыз жаранын "Домодедово" аэропортуна бараткан жолдо бычактап кетишкен. Бул тууралуу маалыматты окурман "Элдик кабарга" билдирди.

Окурмандын айтымында, ага мындай билдирүү Москвада иштеген мигранттардын WhatsApp'тагы тобунан келген.

"Ал билдирүүдө бычакталды делген жигиттин сүрөттөрү да бар экен. Анда: "Аэропорттон келе жатсак полиция токтотуп, жигитти бычактап кетишиптир деди. Ал унаасында бычакталган. Полиция телефон менен жакындарына кабар берүү үчүн байланышайын деп андагы жазууларга түшүнбөй жатканын айтты. Телефонунда "аке", "эже" деп сакталган номерлерге байланышсак, эч ким жооп берген жок. Анын жансыз денесин өлүкканага алып кетишти", - деп жазылат келген катта.

Бирок WhatsApp аркылуу тараган бул окуя качан болгонун эч ким билбей жатканын кошумчалады окурман.

SUPER.KG порталы бул боюнча Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине байланышканда, мындай кабар элчиликке да келгенин билдиришти.

"Азыр тарап жаткан бул маалымат боюнча тактоо иштери жүрүп жатат", - дешти элчиликтен.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
18.04.2018. 13:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
24-11-2016
Соӊку аракети:
03-11-2018 14:22
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кырылып бутмой болдук(
18.04.2018. 14:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
12-11-2018 19:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
JallivuD
+13
Оюм алыста жургон жакындарыма кетти. Кудай сактасын, тынч эле бололучу. Качан так маалымат суроттору менен чыгат супер?
18.04.2018. 16:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-04-2018
Соӊку аракети:
07-08-2018 07:26
Жынысы:
Белгисиз
+5
aiturgasha,алыста жургон мусулман бир туугандарыбыз аман болушсун
18.04.2018. 14:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
07-06-2016
Соӊку аракети:
12-11-2018 17:57
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тактоо иштери жүрүп жатат иштеп жатабыз сүйлөшүп жатабыз деп эле актана беришет
18.04.2018. 14:36 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
21-02-2018
Соӊку аракети:
10-05-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы ушундай каракчыларды топ-топ кылып чакырып камап салыш
18.04.2018. 14:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
15-03-2015
Соӊку аракети:
12-11-2018 16:57
Жынысы:
Белгисиз
+3
мага да келди эле ошол фото артынан кайра Жалган маалымат экен фото шоп экен деп билдирүү келди ал бала тирүү экен
19.04.2018. 00:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
406
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
12-11-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
munar1980,Ооба тирүү экен!
18.04.2018. 14:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
30-09-2018 13:44
Жынысы:
Белгисиз
+4
Москвага келгенде Домодедоводан до метро 100руб деген таксиларга чыкпай автобус же кыргыз таксистер менен келсенер ошол жерден да олтургузуп алып туугандарына чалдырып акча алып жатыптыр
19.04.2018. 00:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
406
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
12-11-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Papanosh,Сөзүнө кошулам Кыргыз Кыргызды гана алдайт! Андай макоолор көп этият болуш керек!
18.04.2018. 15:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
406
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
12-11-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+5
Апрель айында этият болгула! Кузгундар көчөгө чыга турган айы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117460;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: