super.kg logo

Интернетте сынга көп кабылган атактуулар. Айпери Кубик кызы "кийген кийимиме чейин асылгандар бар" десе, Курал Чокоев хейтерлерди адам катары санабай турганын айтты

 

Учурда интернетти колдонбогон, социалдык тармактардан жеке баракча ачып, дос күтпөгөн жаштарды кезиктирүү кыйынга турганы талашсыз. Социалдык түйүндөрдүн активдүү колдонуучуларынын сап башында чыгармачыл инсандар, шоу-бизнестин атактуулары турат. Бирок аларга катталган колдонуучулар жалаң гана жакшы каалоо-тилектерин арнабастан, ар түрдүү сын-пикирлерин, терс ойлорун, ал гана эмес каралоо иретиндеги билдирүүлөрдү калтырганга үлгүрүшөт. Аларды хейтер ("hate" - жек көрүү. Эч кимди жактырбаган, ар дайым бирөөгө болгон жек көрүүсүн билдирип турган адамдарга карата айтылат) деп аташат.

Жакында эле америкалык ырчы Рианна Калифорнияда өткөн "Coachella" фестивалында түшкөн сүрөттөрүн жеке баракчасына жүктөгөн. Көп өтпөй эле анын кийген кийимине карата ар түрдүү сын-пикирлер айтылып, колдонуучулардын талкуусуна кабылды.

Ал жүктөгөн сүрөттүн алдына "Мен тамашалоо максатында ушундай образды тандаган деп ойлоптурмун", "Картошка салган капты кийип алгандай го...", "Ушундай ысыкта өтүк кийип келгени кызык, буту ысыган жок болду бекен?", "Өтүгү өзүнөн чоң го" деген сыяктуу бир катар билдирүүлөр жазылганы менен, ырчы көңүл бурбастан аларга карата эч кандай жооп калтырган жок.

Мындай көрүнүштөр Кыргыздын атактууларында да байма-бай кездешет. Андыктан социалдык тармактарда эң көп сынга кабылган белгилүүлөргө кайрылып, өздөрүнө карата айтылган сын-пикирлерди кандай кабыл ала турганына кызыгып көрдүк.

Айпери Кубик кызы: "Кийген кийимимден, жазган билдирүүлөрүмө чейин асылгандар бар"

"Мага катталгандардын арасында кийген кийимимден, жазган билдирүүлөрүмө чейин асылгандар бар. Кээ бири эптеп эле бир минус таап, жамандай калууну көздөсө, айрымдары себеби жок эле сөгө беришет. Анчалык маанайлары бузулуп, нерв коротуп баракчама катталып алып эмне кылышат, түшүнбөйм. Адамдын деңгээли кандай болсо, ой-жүгүртүүсү да ошондой. Андыктан майдаланып, ар бир негативдүү билдирүүгө жооп жазбайм. Качан гана кандайдыр бир суроо же талкуу жаралып жатса, чоң билдирүү менен жооп берүүгө аракет кылам".


Курал Чокоев: "Хейтерлерди адам катары санабайм"

"Менин баракчама катталгандардын арасында хейтерлер чынында көп. Мен аларды адам катары санабайм жана алардын деңгээлине түшүп, теңелгим келбейт. Мурда өтө чектен ашып кеткен колдонуучуларга жооп жазып койчумун, азыр көңүл бурбай калдым. Алардын арасында келбетиме, жүрүм-турумума чейин асылгандар бар. Менин оюмча, алардын колунан телефондон тамга тергенден башка эч нерсе келбейт".

Асема Токтобекова: "Жеке жашоомо, чыгармачылыгыма карата көп сындар айтылат"

"Мага колдонуучулардын сын-пикирлерин окуган жагат. Себеби сын адамды өстүрөт. Бирок кээ бир учурда жөн гана уят сөздөрдү жазгандар болот, аларды дароо эле кара тизмеге киргизип коём. Көбүнчө жеке жашоомо кийлигишип же болбосо "ырдаба, киного тартылба, сенин убагың бүттү" деген сыяктуу билдирүүлөрдү жазгандар болот. Аларга көңүл бурбайм. "Душманды алыстан издебе" дегендей, алар жаныңда эле жүргөн адамдар болушу мүмкүн. Бирок менин чыгармачылыгым бүтпөй эле, тескерисинче, эми башталып жатат".

Дайыр Исмадияров: "Мени көптөр мактанчаак дешет"

"Терс сын-пикир жазган колдонуучуларга карата эч кандай деле чара колдонбойм. Болгону чектен ашып кеткендерди кара тизмеге киргизип коём. Алардын арасында башка аккаунт ачып алып, кара тизмеден чыгарууну өтүнгөндөрү да болот. Бирок колдонуучуну кара тизмеге бир киргизгенден кийин кайра чыгарбайм. Хейтерлердин көбү "көп мактанасың, мактанчааксың" деген сыяктуу билдирүүлөрдү калтырышат. Мен болгону күнүмдүк жашоомдогу жаңылыктарды социалдык тармак аркылуу күйөрмандарыма кабарлап тургум келет. Менимче, бул мактанууга жатпайт".

Назира Бердигулова: "Акчаңды чачпай, ата-энеңе жардам бербейсиңби деп акыл үйрөткөндөр болгон"

"Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн адамдарды көп эле кезиктирдим. Алардын арасында мени тааныгандар да, тааныбай туруп мен тууралуу терс пикирлерин айткандар да бар. Аларга теңелбейм, эң жаманы мендей болсун, мен кылганды, мен көргөндү көрсүн дейм. Өзүм кайрымдуулук иштери менен көп алектенгендиктен, "акчаңды ушинтип чачканча, ата-энеңе, жакындарыңа жардам бербейсиңби" деп акыл үйрөткөндөр болгон. Менимче, алар менин үй-бүлөм тууралуу билбесе керек. Кудайга шүгүр, ата-энем да, бир туугандарым да жетиштүү жашоодо жашашат. Менин жардамыма муктаж эмес, тескерисинче, мага жардам берип турушат".


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
19.04.2018. 14:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери Кубик кызын кийими жакты. Сексуальный экен. Супер просто.
19.04.2018. 14:21 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
06-04-2018
Соӊку аракети:
27-05-2018 03:40
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уят уят Атасы көрсө не дейт Айперини
19.04.2018. 14:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
18-05-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 01:01
Жынысы:
Белгисиз
+7
Асема эжебиз эми ачылатко. Айтып жатпады беле +18 киносу чыксын шашпагыла баарын ошондо коросун((((
19.04.2018. 14:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
30-09-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 12:07
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой бизге эч нерсе жакпайт, хейтерлер тууралуу соз болуп жатса кайрадан эле аларга сын пикир айтып кирдинер
19.04.2018. 16:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
24-09-2018 01:56
Жынысы:
Белгисиз
+11
Элге жакпаган ырчы чорчулар го.Куралбек сен кооп калыпсын башкасын билбейм мен сени адам катары корбойм.Сен элди айтып жатасын адам катары корбойм деп.Ошол сени сынаган да эл которгон да эл.Эл менен сен адамсын акмак
19.04.2018. 21:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
11-07-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 00:03
Жынысы:
Белгисиз
+13
Анжелика жокко
19.04.2018. 22:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
148
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 02:19
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айпери Кубик кызы супер.алга азаматсын.сулулугунду убагында пайдаланыш керек азамат.койнокто соз жок магада жакты.кызыл светти озуно ишенген адамдар гана кийет.Атасы эмне демек эле.бир жери корунуп калыптырбы бул жакшы эле корунуш.мындан жамандарды коруп журобузго карыганын билишпей чечинип жургондорун.бул кыз азыр он гулунон бир гулу ачыла элек.ойноп куло турган убагы.колунардан келсе силерда кийгиле.эгер менин да акчам болгондо алып киймекмин.
19.04.2018. 23:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
04-06-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 21:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Лондон
+6
Назира дагы мактанып алганго?
20.04.2018. 03:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
08-07-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 08:52
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bulak25, Ооба аябай мактаныптырго.
20.04.2018. 00:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 22:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сындагандан не пайда.Кызыктырбайт.
JaneEr түзөттү 2018-04-20 00:06:15
20.04.2018. 00:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
274
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
24-09-2018 01:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкекстан
+5
Самарахон кана?
20.04.2018. 00:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
148
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 02:19
Жынысы:
Белгисиз
+5
Заман бузулду дейбиз.заман эмес адамзат озубуз бузулуп жатабыз.Бироого деги эле жакшылык каалабайсынар эмне ошол жаман соз жазып аткан ооздон жакшы соз чыкпайбы жакшы созда жаман созда ошол эле бир ооздон чыгатго.Аллахым айткан экен бироого жакшылык каалап тилеп койсон.ал каалоо тилегинден эки эсе кооп сага берем деген экен туугандар келгиле бироого только жакшылык гана каалап жакшы создордон айталы.жакшыда жаманда соз бир эле ооздон чыгат.баарынарга ушундай ийгиликтер болсун.
20.04.2018. 02:49 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
20-03-2018
Соӊку аракети:
16-06-2018 22:50
Жынысы:
Белгисиз
+5
Курал туура эле айтыптыр, суйлосон жакшы созду суйло, болсо унчукба, деген соз бар не кереги бар ушунчалык эле жаман создорду айтыштын, аларда деле конул бар конулуно каттуу тиет, Курал да жыргаганынан айтбаса керек бул созду.
20.04.2018. 02:56 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
17-03-2018
Соӊку аракети:
21-04-2018 13:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ит уро берет кербен журо берет
20.04.2018. 03:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
540
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 00:09
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тиги эки подружка жок го,Самаш менен Энджини айтам...
20.04.2018. 07:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
04-03-2015
Соӊку аракети:
09-09-2018 10:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эркин Тоо
+2
Куралбек Оружия менен аткандай эле болуптурго адамдарды.Ушинтип суйлогон озунун денгээли томондугун корсотуптур
20.04.2018. 09:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
893
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
23-09-2018 21:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
+1
"Жамандын адаты, жата калып ат үркүтөт" деген дал ушул хейтерлерге тиешелүү да)))
20.04.2018. 12:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
18-05-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 00:26
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кана,супердин хайттары,баштагыла!
20.04.2018. 22:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
18-08-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 23:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Самаш менен Анжеш жокко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114567;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: