super.kg logo

Бишкекте окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан кетти

 

Бишкектеги №20-мектеп-гимназиясында окуучуну башка чапкан мугалим жумуштан кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 18-апрелде окуяны иликтеш үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ага билим берүү башкармалыгы, райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү, мектеп директору жана анын орун басары катышкан. Комиссия өкүлдөрү окуучу жана анын апасы менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Окуучунун апасы эч кандай арыз жазган эмес. Ал эми мугалим өз эрки менен арыз жазып, жумуштан кетти", - деди басма сөз кызматынан.

Эске салсак, мугалимдин окуучуну башка чапкан видеосу социалдык тармактагы баракчаларга жайылып кеткен. Аталган видео коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан. Колдонуучулар бул окуя борбор калаадагы №20-мектеп-гимназияда болгонун айтышкан. Ал эми видеону жүктөгөндөр окуучусуна кол көтөргөн эжей математика сабагынан окуткан мугалим экенин айтышкан. Ошондой эле мындай көрүнүш буга чейин да кайталанып келгенин билдиришкен.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(46)
18.04.2018. 20:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
11-08-2014
Соӊку аракети:
14-11-2018 21:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтуу Кок-Арт ороону.
+28
Бизди мугалимибиз чоң шакеги бар колу менен башка урчу ката жазып алсак. Ал эми ата-энебиз шоктук кылсак кадимкидей эле сабап салчу. Ошентип эле чоңоюп эл катары адам болуп чоңойдук. Азыркы жаштарды урушкандан коркосуң өзүн бир нерсе кылып алабы деп...
18.04.2018. 20:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
04-10-2007
Соӊку аракети:
18-11-2018 12:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+25
Китеп кыры менен урганда башымда шишип кеткен күндөр болду эле. Өлбөй эле оокатым кылып атам. Бирок башка жегидей эле кутурчубузда.
18.04.2018. 20:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
10-09-2017
Соӊку аракети:
13-06-2018 23:34
Жынысы:
Белгисиз
-19
Башка чабууга акысы жок бул мектептеги окуя экен кечээ менин баламды башына воспитатели ойунчук (каучук) мн башка чабыптыр (садикте) бул кандай корунуш. Бугун шышка болуп журот оздорун урбай ата энесине тушундуруу иштерин жургузсо болотко!
18.04.2018. 20:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
345
Катталган:
07-09-2010
Соӊку аракети:
15-11-2018 12:07
Жынысы:
Белгисиз
-18
Озун уйдон тийбеген балана башка бироо тийгенге укугу такыр жок. Педагог деген атына дал келбеген мугалимдин кылыгына жол болсун. Ал кичинекей бала!!!салыштырмалуу эже жашын унутуп калган го тентушундай мамиле кылып. Дет.саддарда ушундай корунушторду байкаса болот. Ачуум ушундай келип турат создорум ичимде калсын.....
18.04.2018. 20:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
15-03-2015
Соӊку аракети:
17-11-2018 17:29
Жынысы:
Белгисиз
+16
бизда эжейибиздин чоң шакеги болор эле канча жолу башка жеп ишип жүргөн күндөр өттү эч нерсе болбойт анчы мынча келтек жесе биз ошол убакта ата энеге айтып келгенден уялчы элек мугалим урду деп ал биз үчүн чоң уят эле айткан күндө да Билбесең урат да деп кайра өзүңдү уяткарчуу Ата Энелерибиз
18.04.2018. 20:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
27-04-2013
Соӊку аракети:
19-10-2018 09:42
Жынысы:
Белгисиз
+23
Кыргызстанда мугалимдин укугун коргогон бир инсан жок. Урматтуу укук коргоочулар мугалимдин укугун да коргоп койгулачы.
Мыйзамдардын биринде "ошол даражага жеткирген" деген да берене болсо керек. Балким ал бала мугалимдин укугун тебелеп ошол даражага жеткиргендир. Бир тараптуу кыска видеого таянып чечим кабыл алуу туура эмес болсо керек деп ойлойм.
Мугалим байкуш бугун бироону уруп моокумумду кандырайын деп мектепке келбесе керек. Дыккат текшеруу керек.
18.04.2018. 20:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
11-03-2017
Соӊку аракети:
10-05-2018 20:14
Жынысы:
Белгисиз
+9
mamashovich88,туура айтасыз. Кээ бир окуучулар мугалимди ошол даражага жеткирет
19.04.2018. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
18-04-2017
Соӊку аракети:
18-11-2018 12:57
Жынысы:
Белгисиз
0
mamashovich88,туура айтат балдар абдан кутуруп кетишет.
18.04.2018. 20:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
236
Катталган:
02-01-2015
Соӊку аракети:
18-11-2018 12:16
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мугалимдердин кадырын билбей атпсынар, мугалимдер ушундай жөнөкөй адамдар эч качан биринчи кол көтөрбөйт, менимче бул окуучулар мугалимди ургандан да катуу кемсинтишкен,
18.04.2018. 20:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
29-10-2011
Соӊку аракети:
12-11-2018 11:31
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аял кишинин чапканынан башы жулунуп кетпейт...Мен да иугалим болуп иштегем азыркы балдар акырын айтканда кобу тушунбойт...Анда санда ошонтип тарбиялап койсо эч теке болбойт
18.04.2018. 20:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
27-04-2013
Соӊку аракети:
19-10-2018 09:42
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мектептин профсоюзу да, администрациясы да коргой албай байкуш бир мугалимди баарынын алдына куноолуу кылып салып берип олтурат. Ото конул оорута турган нерсе. Ушундай боло берсе коом бузулат. Анткени баланын келечеги учун бир да мугалим кызыкпай, эптеп кун отсун, ай бутсун айлык келсин болуп журо беришет. Ооба мен бул соз менен баардык мугалимдерди жактагым келбейт. Айрымдар бар мугалим деген созго оздору татыктуу боло албай. Билбейм деги эмне дешти-деп коёюн баарын айтып бутуп алып. РАХМАТ!
18.04.2018. 20:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
236
Катталган:
02-01-2015
Соӊку аракети:
18-11-2018 12:16
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мугалимдин укугун ким коргойт, кардыбызга эмес кадырыбызга ыйлап атабыз, сабакта олтуруп мен депутаттын баласымын, мен байдын баласымын, мага баарын жасаганга мүмкүн деген балдарды ким чектейт,
18.04.2018. 20:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
17-11-2018 20:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкекстан
+7
Азыркылар айтышат мугалим менен. Анан кантип урбай койсун
18.04.2018. 20:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
300
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
06-06-2018 22:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кооз жер
+8
Мен мугалим тараптамын.Жеткен тарбиясыз,шок болсо какыс-кукус кылып койгонго акысы бар.Ата-энени укпаса,же эжекени укпаса.Ошого жеткирди да.Кыйратып окубаса да тынч отуруп берсе,келтек жемек эмес.
18.04.2018. 20:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
27-12-2017
Соӊку аракети:
30-10-2018 21:07
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эжейдин шакегинен коркондон чапканын эстегенде тапшырманы аткарып барат элем чиркин агайлар болсо досканы сүздүрүп сабачу эле чиркин.азыр рахмат айтам аларга балким алар антип тарбия бербегенде айылда кой кайтарып журмокмун
18.04.2018. 20:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
19-09-2017
Соӊку аракети:
07-07-2018 14:16
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыркы Окуучулар урганга жеткизет, кок мее башында балее жок мугалимге анкылдашат,
18.04.2018. 20:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
01-10-2017
Соӊку аракети:
05-08-2018 22:56
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эх эжекемдин токмогу,
Эстеп журом коп болду.
Эки алчуумун кунуго,
Эгзаменим беш болду
18.04.2018. 21:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 11:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
илгери классташымдын башына алгебрадан берген мугалимибиз доскага сызган циркуль менен бака койгон учу башын айрып кетип кан шыркырап агып башын жууп токтотконбуз канын ошол күнү ошол жерде унутулуп кетти азыр болсо ал мугалим соттолуп кетмек экен
18.04.2018. 21:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
18-01-2014
Соӊку аракети:
17-11-2018 18:03
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мени тарых агай башка урганда мурдум менен партаны сүзүп кан атып кеткен эч ким эч нерсе деген эмес далай жолу таяк жеп эле окууну бүткөнбүз
19.04.2018. 00:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
244
Катталган:
07-11-2017
Соӊку аракети:
18-11-2018 07:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
Majit1975,ха ха, а бизди тарыхтан берген Аку деген агайыбыз бетибизди ойуп чымчып алчу окубай барсак, кыз бала дегенди карачы эмес, бир эки жолу бетимди ойдургандан кийин жаттап окуп бара баштагам, зато андайын жалан бешке окуп калган элем
18.04.2018. 21:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
16-11-2018 19:29
Жынысы:
Белгисиз
+2
баланы какус кукус кылып турбаса тарбия болбойт.Мугалимге уруксат бериш керек анан билим болот.Уйуно айтып барса ата-энеси да урушуп койсо ошондо тарбия болот.мурда уйуно айтып баргандан коркчу элек баарыбыз азыр ошол сабаган агай эжейлерди аябай сыйлайбыз.
18.04.2018. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
21-10-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мугалимдердин баарын иштен алгыла өз арыздары менен!!!!Алар ушундай коомдогу жөнөкөй калк.АЛАР ЖАМАН анткени эмнени туура эмес жасасаң ошону "кой"деп каршы чыгышат,алардын айыбы оку,туура жүр деген жеринде. Эмнеге окуучулар аша чаап,аз келгенсип энелерин жетелеп келгендерге чара көрбөйсүңөр, бир түндө көзү ооруп колу талып жазган бир күндүк планына арзыбайсыңар азыркы жетекчилер. Ушул принцип мн барсак кайсыл тупикке такалабыз көрөсүңөр.Мугалимдин таягын да сагынаарсыңар
18.04.2018. 21:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
21-10-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
+7
Келгиле достор бир нерсе уюштурабыз.Жок дегенде мугалимдерди моралдык жактан колдойлу
18.04.2018. 21:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
31-10-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-8
Менин колума урган суукта оруйт бармактарым эжекемди эмдигиче жаман кором уруп окууну буткучо орукчан кылат булар
18.04.2018. 22:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1143
Катталган:
05-05-2013
Соӊку аракети:
17-11-2018 23:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+7
Бул баланы катуу деле урбаптыр го. Бир видео тараган эле, мугалимди окуучулар шылдыңдап, буюмдарын ала качып,бири-бирине атып келеке кылышкан. Ушинтип болбогон нерсе үчүн мугалимдерди жазалай беришсе, кудум ошо видеодогудай окуучулар көбөйөт.
19.04.2018. 00:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
08-06-2011
Соӊку аракети:
18-11-2018 10:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Рига
+3
Сабак учурунда суйлосок,ары карап доскада жазып жаткан эжеке колунадагы борду мелдебей ыргытчу,нак пешенеге келип тийет элего чиркин)))Ата энебизге айтмак тугул алар укпаса экен дечубуз.Алар укса тайактачу эмнеге эжекенди укпайсын деп.Шугур,жакшы адам болуп эле чонойдук.
19.04.2018. 02:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
18-11-2018 12:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+3
Ошончого жеткиребиз го негизи окуучу кундо..эркек балдар эмес...кыз болуп мен озумду эле айтайын....кыздардын айынан класс жетекчибиз ыйлаган куну болгон алы келбей....азыр рахмат эжелерибизге.......озумдун мамам да мугалим болуп иштейт......мугалимдин оор ишин беш колдой билип буттум.....кээде мамам деле таштап салгысы келет жумушун...кесибин жакшы коргон учун игтеп келет....окуучулар акылга сыйбаган ишти кылат....мамам озумдун синдимди окуткан убакта уйдон канча жолу урушту...тынч отурбайт деп
19.04.2018. 07:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
18-11-2018 07:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
+2
Мен мугалим тараптамын, азыркы жаштарда улууну урматтап - сыйлагандар өтө аз кездешет. Акыл айткан адамды жаман көрүшөт "тимеле умник" болуп кетет деп. Тарбияны үйдөн башташыбыз керек, мугалим урса мага айтып кел дебей!!!
19.04.2018. 09:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
01-08-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 23:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+1
Мугалимдер жонундо бир анекдот бар го. " Жогору жактагылар "Бул мугалимдер эмне айтса да макул боло берген калк болот экен,бир сынап королу"-деп анан бардык мугалимдерди чогултуп айтышат: Эртен баарын аянтка келгиле, асабыз,-деп. Баары макул болуп унчукпай кетип баратса, бироо кол которот дейт. " И наконец то бироо каршы чыккан жатат" деп ойлонуп, "айт" десе, тиги мугалим"жипти озубуз алып келебизби же силер бересинерби?" деп коет дейт.
Анын сы
19.04.2018. 09:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
01-08-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 23:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+1
HanTegin, анын сынарындай мугалимдердин армиясы чон аябай. Толкуса катуу толкуйт. Просто гумандуу болушат да. Болбосо шайлоо, всеобуч,парад,майрамдар мугалимдерсиз бутпойт да
19.04.2018. 10:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
16-11-2018 09:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы ата-энелер чегинен ашып анкылдап кетишет. Мугалим тарбиялайт тарбиялашы керек. Билбесе, нервине тийсе какыс-кукус кылып койсо эчтеке болбойт. Балдарынарды эрке-талтан остуруп алып анан алар окуйбай атышса мугалимдин да жини келет да. Бир таяктан майып болуп калмак беле. Илгери бизди урушса ата-энебизге арыздангандан уялчубуз.Демек сабакты билбей жатам куноом бар деп сестенип. Азыркылар кол тийбес, апасы болушчаактын баласы ыйлаак дегендей. Ушинтип улбуроп тарбия коргондор турмуштун анча-<
19.04.2018. 10:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
16-11-2018 09:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
мынча соккусун которо албай суицидге барышат. Бул жерде ата-энеси куноолуу. Мугалимдин мээнети текке кетиптир кайран.
19.04.2018. 11:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
27-11-2013
Соӊку аракети:
26-10-2018 08:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу окурмандар! Эстегиле кайсыл мугалим УРАТ. Ал билими бар ушул окуучуга билим берейин Дейт. А Эми силерди айткылачы мугалимден токмок жебегенмин деп.
19.04.2018. 14:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
27-11-2013
Соӊку аракети:
26-10-2018 08:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токмок жегендер азыр сон иштерде иштейт. Жебеген дерди карагылачы?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117840;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: