Калича Өмүралиева: "Ош базарын" көчүрүү үчүн ал жерди сатып алуу керек. Мэриянын буга акчасы барбы?"

"Ош базары" шаардын четине көчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат боюнча SUPER.KG порталынын суроосуна "Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева төмөнкүдөй пикирин билдирди. Ал "Ош базарын" көчүрүүдө себебин тактоо зарыл экенин айтты.

"Базарды шаардын четине көчүрүү боюнча карай турган болсок, алгач кайсы жерге, эмне себептен деген суроолорго жооп издөө керек. Өкмөт менен Бишкек шаарынын мэриясы базарда тартип орното албаса, сөзсүз көчүрүү зарыл эмес. "Ош базары" жеке менчик, аны көчүрүү үчүн ал жерди сатып алуу керек. Мэриянын буга акчасы барбы? Сатып ала турган болсо деле максатты аныктоо зарыл. Максаты белгилүү болгондон кийин гана коомдук талкууга чыгарса болот.

Көпчүлүк өлкөлөрдө шаардын борборунда жайгашкан базарлар бар. Ал жактагы базарлар улуттук дөөлөттөрү, архитектуралык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Биздин базар - бул базар эмес, "баш аламан". Мен "Ош базарына" баргым да келбейт. Тазалык сакталган эмес. Базар эл өтө турган жолго чейин чыгып кеткен. Биздин базарды деле тартипке келтирип, башка чыгыш өлкөлөрдүкүндөй кылып иретке келтире турган болсо, шаардын борборунда эле калтырса болот", - дейт Өмүралиева.

Кожобек Рыспаев, Эрнис Докенов, Зиядин Жамалдинов жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан