Ырчы Мирбек Атабеков кыздуу болду

Бүгүн, 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун үйүндө наристе үнү жаңырды. Экинчи ирет ата болгон ырчы кырк жылкылуу болду. Бул тууралуу Мирбек Атабеков SUPER.KG порталына билдирди.

"Кызыбыз бүгүн борбордогу төрөт үйлөрүнүн биринде жарык дүйнөгө келди. Төрөт жеңил болду. Учурда эне-баланын акыбалы жакшы. Кызыбыздын ысымын Ыйман деп койдук. Бул атты жубайым кош бойлуу кезинде эле тандап койгон", - дейт ал.

Белгилей кетсек, ырчы 2015-жылы Адам аттуу уулдуу болгон. Адам АКШнын Филаделфия шаарында төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
kelemdedin
2018-04-19 21:15:46
Ыймандуу акыл эстуу кыздардан болсун. Аябай кубанычтамын силер учун!
+6
NURTILEK_KG
2018-04-19 21:22:33
Атын соонун тандапсыздар...омуру узун болсун
+4
kilim
2018-04-19 21:43:02
Аты аябай соонун экен озшочо
+3
mishonia8077
2018-04-19 22:05:21
Ыйман деген ат мода болот турбайбы эми.Бешик бооңор бекем болсун
+3
NeRiNa
2018-04-19 22:06:01
Омурлуу болсун. )) Адам менен Ыйман сонун го. Учунчу ирет торосо Ынтымак деп койсо...) озгочо ысым коюшуптур коз тийбесин.
+2
Paprikafm
2018-04-19 22:12:15
Адам Ыйман соонун ат азаматсынар, омурун узун болсун бактылуу болгула,
+2
zhaku2017
2018-04-19 22:22:44
Бешик боосу бек болсун. Бала биздики, акылы өзүнүкү, дегендей, келечекте акылдуу, билимдуу болушуна тилектешпиз. Мирбекти молодец.
+1
grace
2018-04-19 22:24:41
Бешик боосу бек болсун! Ыймандуу, бактылуу, өмүрлүү кыздардан болсун ылайым!
0
Samat777
2018-04-19 22:56:16
Канча кило экен? (Ошону да жазышат эле го баланча түкүнчө деп, саат мынчадан мынча өткөндө деп)Неси болсо да ыймандуу болсун.
0
Aierke0606
2018-04-20 00:47:26
Бешиң бооңор бек болсун!Ыйман деген аттар бар.
0
cholpon119966
2018-04-20 01:28:50
Куттуктайм, бешик боонуздар Бек болсун. Кызыныздардын омуру узун болсун. Мирбек Атабековтун куйормандары кубанычына шерикпиз...
0
Akylaj85
2018-04-20 05:16:57
Өмүрүн бактысын берсин
0
pompowa
2018-04-20 08:41:04
Өмүрү узун келечеги кең кыздардан болсун
0
Lilireinhart18
2018-04-20 09:37:29
Ыйман?
0
DAKS
2018-04-20 12:44:19
Озубуздун эле аттар кандай сонун угулат,
Мирбектин келинчеги жаш болсода абдан акылман аял
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан