super.kg logo

Ош шаарында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жаралган обондуу ырлардын сынагы өттү

 

Бүгүн, 19-апрелде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ош шаарында улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде жаралган обондуу ырлардын сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын жетекчиси Байыш Абасов SUPER.KG порталына билдирди.

Аталган кароо-сынакты өткөрүүнүн максаты - Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен өсүп келе жаткан муунга окутуп, үйрөтүүдө чыгармалардын мазмунун жеткиликтүү түшүндүрүү. Байыш Абасов сынак тууралуу: “Сынакта “Найман эненин арманы”, “Иляздын ыры”, “Махабат дастаны”, “Жамиля”, “Жаныбарым, Гүлсары” деген ырлар жаңырды. Калыстардын чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, алар атайын диплом, сыналгы менен сыйланышты. 1-орунду Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын алдындагы “Заман” тобу алды. 2-орун Элтуран Абдыкалык уулуна, Гүлжамал Эркинбаевага, Кыялбек Бакировго буюрду. 3-орунду Сүйүнтбек Абдилатипов менен Нурзида Батырова алып кетишти”, - дейт.

Мындан сырткары, сынакта Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын жигиттери Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын сүрөтүн тартып сүрөт көргөзмө уюштурушканын белгилеп өттү.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.04.2018. 22:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
285
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 14:26
Жынысы:
Белгисиз
0
"Адам үчүн эн оор, күн сайын адам болуп жашоо" - агабаздын кандай гана керемет уулу соз.
zhaku2017 түзөттү 2018-04-19 22:30:48
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: