ЖЫЛНААМА, 20-АПРЕЛЬ: Мындан 150 жыл мурун залкар манасчы Сагымбай Орозбак уулу туулган

Манасчы Сагымбай Орозбак уулу мындан 150 жыл мурун, тагыраагы, 1868-жылы 20-апрелде Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылынын жанындагы Кабырга деген жерде туулган. Ал 14-15 жаш курагынан тартып манас айта баштаган.

Бардык эле манасчылар сыяктуу манас айтууну түш көрүү менен байланыштырган. Ал түшүндө бир чоң үйдүн ар кайсы жерлеринде манас айтып жаткан кишилерди көрөт. Алардын ар бири ар башка окуяларды айтып жаткан болот. Ошондо бирөө Сагымбай Орозбак уулун "манас айтпасаң айбалта менен чабам" деп коркутат. Манасчынын айтымында, түшүндө коркуткан адам Семетей болгон. Ушул түшүнөн кийин Сагымбай Орозбак уулу манас айтууга киришкен.

Манасчы 9-10 жашынан тартып 3-4 кыш катары менен молдодон окуган. Китепти окуганды билгендигине карабастан, кат жазууну өздөштүрө алган эмес.

Ал 1916-жылы Кытайга эл менен үркүп барып, ал жерде да манас айткан. Кытайлык кыргыздардан да ага тең келген манасчы чыккан эмес.
Сагымбай Орозбак уулунун оозунан дастандын биринчи бөлүгү "Манас" гана жазып алынган. Замандаштарынын айтымында, өзүн "семетейчи" деп эсептеген. Анын айтуусунда, "Манас" эпосун жазуу иши 1922-жылы башталып, манасчынын ден соолугу кескин начарлашына байланыштуу дастанды кагазга түшүрүү 1926-жылы токтотулган.
20-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан