super.kg logo
«Жылдын супер дуэти»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Бишкекте 2 жол тандабас унаа сүзүшүп, 2 адам ооруканага жеткирилди

 

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, жыйынтыгында 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө Башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Азамат Маратов билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 20-апрелге караган түнү саат 00:30дар чамасында болгон.

"Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа менен Lexus үлгүсүндөгү унаа Москва жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган. Жыйынтыгында Lexus үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү ооруканага кайрылган. Ал эми Toyota Land Cruiser'дин айдоочусу менен ичиндеги жүргүнчүлөрү (3 кыз, 3 бала) мас абалында болгону аныкталды. Учурда жол кырсыгына байланыштуу тергөө иши башталды", - дейт Маратов.

Ошондой эле маалыматта жол кырсыгына кабылган Toyota Land Cruiser унаасы Казакстан Республикасынын мамлекеттик номери менен катталып, айдоочусу менен жүргүнчүлөрү Орусиянын жарандары экени кошумчаланат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.04.2018. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
905
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
30-11-2018 19:03
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кечээ мени да лексус 470 же 570 сүзүп кетейин деген, каршы тилкеге айдап. Машинасы чоң деп айдай берет окшойт эреже сактабай.
20.04.2018. 12:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
26-03-2018
Соӊку аракети:
18-12-2018 07:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депорт кылыш керек буларды
20.04.2018. 15:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
22-03-2018
Соӊку аракети:
30-08-2018 10:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин МАИ лердин алсыздыгыда баарынан акча алып коеберет анан ал адамда акча берип кетемда деген ой болуп калат ушундайларды ичкендерди провасын решение кылыш керек анан тушунот
21.04.2018. 13:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
905
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
30-11-2018 19:03
Жынысы:
Белгисиз
0
aksy94,

Тандап акса алышат экен. Мага 1400 сом айып пул салышты. Чынында 140 менен келе жаткам. Трассада эч бир машина жок эле.
20.04.2018. 15:49 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
22-03-2018
Соӊку аракети:
24-05-2018 18:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо жолтандабас минсе эле коздорун май басып каалагандай айдайт ошол эле жигулиге отуруп корсунчу жон эле айдайт мурдун которой эле
21.04.2018. 11:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
17-10-2017
Соӊку аракети:
19-12-2018 15:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер деги депорт кылыша алабы чет элдик жарандарды. Кытайларды тазалаш керек эле
21.04.2018. 17:47 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
23-04-2017
Соӊку аракети:
13-12-2018 07:10
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХ экөө тең!булар жөн айдабай кичине машиналардын жолун бууп кысып айдайт.трассада өпкөсүн алдына салып алат.маи кызматкерлери өлүп калса тосушбайт буларды!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-04-21 23:14:40
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
119592;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: