Эртең футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 4-туру старт алат

Эртең, 21-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 4-туру старт алат. Анда Бишкек, Кант жана Ош шаарларында 6 команда өз ара беттешсе, 22-апрелде Бишкекте "Дордой" - "Абдыш-Ата" беттеши орун алат.

"Илбирс" (Бишкек) - "Кара-Балта" (Кара-Балта)

Стадион: "Футбол борбору" (Бишкек шаары)

Калыс: Дайыр Абдылдаев (Бишкек)

Башталышы: 21-апрель, саат 16:00дө

Жаңы топтолгон Бишкектин "Илбирс" командасы 3-турда алгачкы жеңишине жетти, ал буга чейин "Алай" менен "Нефтчи" командаларынан жеңилүү ызасын тарткан. 3-турда "Илбирс" "Академияны" 3:1 эсеби менен жеңип, азыркы тапта 3 упай менен турнирдик жадыбалда 6-орунда жайгашты.

"Кара-Балта" командасы 3 турдун жыйынтыгында упайсыз саптын аягында келүүдө. Кара-балталык команда 3-турда "Алайдын" үстүнөн жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок алар 1-таймда 4:0 менен жеңип келе жатып, беттештин жыйынтыгында 5:6 эсеби менен жеңилип калды.

"Алга" (Бишкек) - "Нефтчи" (Кочкор-Ата)

Стадион: "Борбордук" (Кант шаары)

Калыс: Нурзат Аскат уулу (Бишкек)

Башталышы: 21-апрель, саат 16:00дө

Бишкектик "Алга" 3 турдун жыйынтыгында 5 упайга ээ болуп, 4-орунда жайгашса, кочкор-аталык "Нефтчи" 3-турда алгачкы жеңилүү ызасын тартып, 6 упай менен 3-орунда жайгашууда.

"Алай" (Ош) - "Академия" (Ош)

Стадион: "Ахматбек Сүйүмбаев" (Ош шаары)

Калыс: Эрлан Осмонов (Көк-Жаңгак)

Башталышы: 21-апрель, саат 16:00дө

Оштун "Алай" командасы 3-турда "Кара-Балтадан" жеңилип калууга аз калды. Анда команданы легионерлер гана сактады. Жоел Кожо менен Алиа Силла бирге 5 гол киргизип, атаандашын жалпы 5:6 эсебинде жеңип алышты. Муну менен 7 упайга ээ болгон "Алай" 2-орунда жайгашса, упайсыз "Академия" командасы 7-орунду ээлеп келүүдө.

"Дордой" (Бишкек) - "Абдыш-Ата" (Кант)

Стадион: "Дордой" (Бишкек шаары)

Калыс: Нургазы Чолпонбаев (Шопоков)

Башталышы: 22-апрель, саат 16:00дө

4-турда "Дордой" командасы атаандашын өз талаасында кабыл алмакчы. 3 турдун жыйынтыгында бишкектик команда 7 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалдын башында жайгашкан.

Канттык "Абдыш-Ата" 3-турда "Нефтчини" жеңип алгачкы жеңишине ээ болду, буга чейинки 2 турда канттык команда атаандаштары менен тең чыккан болчу. Азыркы тапта "Абдыш-Ата" 5 упай менен турнирдик жадыбалда 5-орунда жайгашууда.

Турнирдик жадыбал

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
King_Messi
2018-04-20 12:17:51
Нефтчи алгаа!!
-1
Azat.97
2018-04-20 13:21:36
Дордой алга!
+1
Bakulya97
2018-04-20 16:48:33
Алайга ийгилик
-1
kanybek1986
2018-04-22 01:02:53
Өзү сегиз команда болсо турду бир айда бир кылса болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан