Көпчүлүккө жайылбай турган жеке маалыматтарыңды интернетке жайылтам деп опузалап кыздан акча талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-апрелде борбор калаанын жашоочусу опузалоо жолу менен андан 50 миң сом талап кылган жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө, атайын боёк менен белгиленген 25 миң сом менен 26 жаштагы Ж.Н. аттуу борбордо жашаган Нарын облусунун тургуну кармалган.
"Белгилүү болгондой кылмышка шектүү жаран арыз ээсинин жеке маалыматтарына ээ болуп алып, аны интернетке жайылтам деп опузалоо жолу менен акча ала баштаган", - деп айтылат маалыматта.