Бүгүн, 21-апрелде Ош шаарында веложарыш өттү. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу кабарлады.
Окурмандын айтымында, бул иш-чарага 2 миңге жакын жашоочу катышкан.
"Мэрия тарабынан уюштурулган веложарыштын максаты - тургундарды сергек жашоого үндөө болду. Ага 7 жаштан 70 жашка чейинки шаар тургундары катышты. Соңунда жарыштын эң кичүү жана улуу жаштагы катышуучуларына белектер тапшырылды. Жарыштан кийин Ош шаардык жаштар комитетинин уюштуруусунда жаштар ишембилик өткөрүштү", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.