Ырчы Илгиз Абдалиевдин концертинде элге чачыла чачылып, көрүүчүлөр боорсоктон даам сызышты

Бүгүн, 21-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында ырчы Илгиз Абдалиевдин жеке концерти өттү. Ырчы алгачкы чыгармачылык кечесине кызуу даярдык көргөнүн айтып, атайын 3 костюм тиктиргенин да кошумчалап өттү.

"Сахнада жүргөнүмө 10 жылдан ашса да бир да жолу концерт бербептирмин. Быйыл чыгынып Бишкекте кыргыз элиме арнап алгачкы концертимди берип отурам. Толкундануу күч", - деди Абдалиев.

Концерттик кеченин башында көрүүчүлөргө таттуулардан чачыла чачылып, коноктор боорсоктон даам сызышты. Андан соң ырчы репертуарындагы ырларын катары менен аткарды. Ырчынын алгачкы чыгармачылык кечеси менен куттуктап ырчылар Нурлан Насип, Аваз Акимов, Айдана Дека, Данияр Эрматов келип, ыр белектерин тартуулашты. Спорт сарайдын жарымынан көбү элге толуп, концерт 2 сааттан ашык убакытка созулду.

Бишкекте концерт койгон Ильгиз Абдалиев: "10 жыл сахнада жүрүп, алгачкы концертимди бердим"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
rysik79
2018-04-21 23:34:20
Кайсыл ырды ырдайт бул кырасапчик .
+13
Benazir08
2018-04-22 17:02:53
rysik79,уну аябай сонун
+2
Pandora
2018-04-21 23:44:59
Тааныбайт экенмин
+9
33SUUN
2018-04-22 00:05:55
Кайсыл ырчы болсо дагы боорсок чачыла таратканы жакшы болуптур.Мен омурумдо бир жолу дагы концертке барганда боорсок жеген эмесмин.
+15
aitowa11
2018-04-22 00:07:19
Бул ырчыны тааныбайт экенбиз, кайсы ырларды ырдайт?
+4
Zainidin96
2018-04-22 00:23:13
Ничье брат кийинкисинде 100% болот
+8
Ernic
2018-04-22 00:50:22
Ким бул?
+5
bond02
2018-04-22 01:37:11
онорун оркундой берсин го бирок 10жылдан бери мындай ырчыны корбоптурмун, боорсогуна рахмат.
+14
Nibiru.
2018-04-22 02:48:29
bond02,Туура,мен да укпаптырмын мындайды
+1
Nibiru.
2018-04-22 02:49:33
Он жылдан бери эмне деген ырларды ырдап журду болду экен,мен жок дегенде ошол он жылдын бир жылында да бир жолу уккан жокмун деп тан калуумда чек жок.
+8
Shef87
2018-04-22 06:16:54
Кетмен чаап эмгектенгенден тажаган неме го дейм
+7
Lilireinhart18
2018-04-22 07:45:54
Чачыла чачып боорсок таратым десе башкача кызыкча болдум
+3
guli-1980
2018-04-22 10:42:29
10 жыл журдум дейт мен тааныбайт экем
+1
jaskaaa
2018-04-22 11:18:32
Эмкисинде точно барам. Боорсок жегени барам!
+1
Azat.97
2018-04-22 12:01:26
Кайсы грасапчик бул.10 жыл дейби
0
aydinnur
2018-04-22 16:41:16
Эл толбосо, артка кетти да бу жигит.. Бир ырчыдай болуп карыз болуп калсаң,башка жерден таап болсо да бер эми..Болбосо сен да уят болосуң..
0
Djal1987
2018-04-23 00:55:57
Кафелердин биринде ырдап жургонуно 10ж болсо керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан