Акжол Сулайманбек уулу Орусияда өткөн мелдеште чемпиондук курду тагынды

Кечээ, 22-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу WBAA (World Boxing Association Asia) версиясы боюнча чемпиондук курду жеңип алды.

27 жаштагы Акжол Сулайманбек уулу "RCC Boxing Promotions" уюмунун мелдешине катышып, 22 жаштагы венесуэлалык Леонардо Падильиа менен беттешти. 59 килограммга чейинки салмак категорияда өткөн беттеште Сулайманбек уулу калыстардын бирдей чечими менен атаандашынын үстүнөн жеңишке жетти. Бул жыйынтык менен ал Азиядагы Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын чемпиондук курун тагынды.

Айта кетсек, муну менен Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык карьерасында 11-беттешин өткөрдү, ал буга чейин бардыгында жеңишке жеткен. Анын ичинен 5 беттеште атаандашын нокаут менен жеңип алган. Ошондой эле Кыргыз мушкер Азиянын бокс кеңешинин чемпиондук курунун ээси.

Ал эми Леонардо Падильиа профессионалдык карьерасында 16 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен. Анын ичинен 12 беттеште атаандашын нокаут менен уткан. Падильиа - "WBA Fedebol" чемпиондук курунун ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Mina24
2018-04-23 13:18:26
Азамат алга
+10
Akshumkar
2018-04-23 13:47:53
120 сын колдогондон коро ушундайларды колдош керек
+11
Janna07
2018-04-23 16:19:26
Алга! Менин жердешим деп сыймыктандым
+1
Busurman
2018-04-23 22:38:24
Janna07,кайсы жердешисин?
+1
Janna07
2018-04-24 00:05:49
Busurman,кызылжолский
+1
ekaterinburg
2018-04-23 16:54:06
Тырышчаак бала экен.Азаматсын!Курун кут болсун!
+1
M.u.T
2018-04-23 23:15:16
Алга! Кудай буйурса женилуусуз 50дон дагы коп жениш болот
+1
Busurman
2018-04-23 23:35:36
Акжол крассавчик иним дайыма алдыга!
+2
Nazaralikarakulja
2018-04-24 02:07:56
Кыргызстан Алгаа
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан