super.kg logo

Канатбек Мүзүралиев, шаардык кеңештин депутаты: "Мэрдин кымбат баалуу көчөттөрдүн алынышында күнөөсү жок экенин айтканына нааразы болдум"

 

Албек Ибраимовдун Бишкектин мэри катары ишин кандай баалайсыз деген SUPER.KG порталынын суроосуна шаардык кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Канатбек Мүзүралиев төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Ал мэрдин кымбат баалуу көчөттөрдүн алынышында күнөөсү жок экенин айтканына нааразы болгонун айтты. "Май айында мэрдин отчётун карайбыз. Мэр маалымат жыйын берип жатып, "кымбат баалуу көчөттөрдүн алынышында менин күнөөм, колум жок" деп айтканына нааразы болдум. Ал бүгүнкү күндө шаардын мэри болуп жаткандан кийин өзүнө тийиштүү бардык тармактарга жооптуу болушу зарыл. Анын "менин колум жок деп кутулуп кетем" деген ою болбошу керек. Анткени жетекчилердин баары шаар мэри аркылуу дайындалат. Ошондуктан мэр буга түздөн-түз жооптуу.

Мэрдин тазалык боюнча Бишкекте жасалган жумуштарда жылыш бар. Анткени шаардагы эки жыл мурунку тазалык менен азыркы тазалыктын айырмасы бар. Мурда урналар тазаланбай калчу, азыр бул жумуштар күнү-түнү жүргүзүлүп жатат. Бул тармакка нааразы болгондор да бар, бирок салыштыруу иретинде тазалык боюнча шаарда жылыштар болду", - деген пикирде Мүзүралиев.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Алмаз Кененбаев, Лев Васильев, Рысбай Аматов жана жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.04.2018. 09:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
221
Катталган:
05-05-2013
Соӊку аракети:
25-09-2018 07:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Мавлян Аскарбеков туура айтыптыр, азамат. Тиги Лев жа[moderated]рленип коюптур.
24.04.2018. 09:21 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
238
Катталган:
06-12-2017
Соӊку аракети:
30-05-2018 19:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмче үчүн срочно кылмыш ишин ачпайсыңар бул жегичке
24.04.2018. 10:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
346
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 07:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тамырын козголуп калыптыр го урматтуу мэр.кочот тубуно жете турган болдубу?бишкектин жеринин жарымын ээлеп алып жыргадын го чиркин.
24.04.2018. 11:33 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+2
Эгер Сокенер иштегени чын болсо, кочотко деп коротулган миллиондор кайра казынага кайтарылышы керек... Ал кочоттор 9000 сом эмес, 900 сом да турбашын 6 жашар бала да тушунот...

Анан ошого жол берген, т.а. ошол коррупцияы ойлоп таап ишке ашырган Бишкектин мэри менен депутаттары камалышы керек, уй-мулктору конфискациялаеышы керек...

Миллиондорду жеген коррупционерлерди жон гана кызматтан бошотуп кою же болбосо 2-3 жылга эле камап кою модасын качан таштайсынар?!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114638;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: