Чемпиондор Лигасы: Мюнхен. Жарым финал. Дөө-шаалар

Чемпиондор Лигасы эмне үчүн эң беделдүү мелдеш экендигин “Ливерпуль” - “Рома” көргөздү. Бул мелдеште мыкты оюн көрсөтпөй коюу мүмкүн эмес. Бүгүн талаага чыныгы дөө-шаа командалар чыгышат. Мюнхен шаары. “Бавария” - “Реал”.

“Бавария” баарына даяр

Мюнхендик гранд Чемпиондор Лигасынын чечүүчү оюндарына чейин ички “көйгөйлөрүн” чечип койду. “Бавария” бир канча тур калганда өлкө чемпиондугун жеңип алды, өлкө кубогунун финалына да чыкканга жетишти. Эми кезекте Чемпиондор Лигасы. Башкы машыктыруучулукка Юпп Хайнкес кайтып келгенден тарта немис клубу кайрадан от алып, атаандаштарын дээрлик сезбей келүүдө. Өткөн жылы дал ушул “Реал” чейрек финалдык оюнда “Баварияны” жеңип алган эле. Ал оюнда калыстардын иши тууралуу узун кеп козголгон. Эми бир жыл айланып өтпөй, “Бавария” бул беттешти татыктуу жеңип чыгуу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк алды. Бул оюнга Артуро Видаль жаракатынан улам чыга албайт. Ал эми калган негизги оюнчулар бардыгы калыпта. “Зидандын “Реалы” абдан күчтүү. Алардын көргөзгөн оюну чындыгында купулга толот. “Бирок Бавария” дагы бул беттешке даяр. Демек, абдан кызыктуу беттеш күтүлөт”, - деп божомолдойт Юпп Хайнкес.

Роналду “Реалдын” башкы көзүрү

“Бавария” баарына даяр болсо, “Реал” жаңы рекорддорго даяр. Үчүнчү ирет катары менен финалга чыгуу - бул болуп көрбөгөндөй көрсөткүч. Ал үчүн, албетте, олуттуу атаандаштын айласын табуу керек. Зидандын ишенген көзүрү айтпаса да белгилүү. Ал Криштиану Роналду. Быйылкы Чемпиондор Лигасында 15 жолу айырмалана алган бомбардир аталган мелдеште керемет оюнун көргөзүп келүүдө. Эгерде португалиялык чабуулчунун оюну жүрүп кетсе, анда Ульрайхтын дарбазасына бир нече голдор кирери боло турган иш. “Баварияны жана анын машыктыруучусу Юпп Хайнкести абдан сыйлайм. Бул оюнда фаворит жок. Боло турган беттеш эки команда үчүн оңой болбойт”, - деп белгилейт Зинедин Зидан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
Modric10
2018-04-25 14:18:47
барсанын фанаткаларына бул теманын тиешеси деле жок болчу чынында.
+10
Meni_unut
2018-04-25 21:26:07
Modric10,Барсачылар дуйного батпай жатат азыр
+2
Bakulya97
2018-04-25 14:50:31
Реал женет Роналду хет-трик урса жаны рекорд койот.(Бир сезондо 2014то 17гол
урган еле Роналду).Алга Роналду озундун рекордуну бузат.Алга РЕАЛ!
+5
Bakulya97
2018-04-25 14:52:22
Менин атым Максат ойдодо жазылган менин атым емес.
+4
aitenir
2018-04-25 14:55:36
Чын журоктон баары бир
-8
esenbaev0903
2018-04-25 15:52:16
Реалга ийгилик
+8
Alinur
2018-04-25 16:14:32
Реал Мадридке ийгилик жана жениш!
+7
nukura_jigit
2018-04-25 16:32:37
Роналдонун 15 голу болсо Мессиде канча голу бар ?
+2
Mbappe
2018-04-25 16:40:14
nukura_jigit,6
+2
nukura_jigit
2018-04-25 18:49:05
Mbappe,Рахмааат
+1
Modric10
2018-04-25 17:00:43
месси лчдо бомбардир катарында пачти жок эсе
+4
Isco23
2018-04-25 18:17:43
Реал алга. Бир гана соз АЛГА. Ультрайхка 4 гол урчу. 5 гол десем коп болуп кетет
+1
Bakulya97
2018-04-25 20:35:07
Isco23,а алдынкы сезондо нойерге 5
Гол урганго ултрайхка кантип уралбасын.
+3
Meni_unut
2018-04-25 21:25:25
Реалчылар сайтта болгула...Реалдын женишин чогуу майрамдайбыз))
+3
Modric10
2018-04-25 22:06:56
Meni_unut,буйруса болобуз
+2
murat17
2018-04-25 22:41:32
алга Бавария буйурса Бавария ЛиВЕР Финал
-3
madrid7000
2018-04-26 00:08:02
Реал Мадрид Алга!Реал женет деп ишенебиз.
+3
Isco23
2018-04-26 01:37:36
Олееее олеее Реал барсынарбыыыыы
+2
Meni_unut
2018-04-26 02:23:33
Isco23,Оа барбыз...Баварияны кагып жатат го тазза
+2
Isco23
2018-04-26 02:46:47
Meni_unut,таззза эле какты го)) жанакылар каякта экен. Бавария женет дегендер. Бул жерде олееее олееее Реал Чемпион деген гана соз айтыш кк
+1
Adi.Avazbekov
2018-04-26 02:41:10
1 2 реал жендии
+2
Modric10
2018-04-26 02:47:36
Финалга бир кадам алга.
так держать Реал Мадрид
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан