"Центерра Голд" компаниясынын рыноктук кызыл кулактыкка байланыштуу комментарийи

ТОРОНТО, КАНАДА – 2018-жылдын 24-апрели – "Центерра Голд Инк." компаниясы (TSX: CG) ("Центерра") "Чаарат Голд Холдингс Лимитед" ("Чаарат") компаниясы чыгарган пресс-релизге байланыштуу комментарий берди.

2018-жылы мартта "Центерра" компаниясы "Чарааттан" "Центеррага" таандык жана Кыргыз Республикасында жайгашкан "Кумтөр" кен ишканасын сатып алуу маселеси боюнча эч нерсеге милдеттендирбеген жана юридикалык милдеттенмеге алып келбеген сунушту алган. "Центерра" токтоосуз "Чаарат" компаниясынын кеңешчилери менен байланышкан жана "Чаарат" компаниясы сунуштаган бүтүмгө өзүнүн кызыкдар эместиги жөнүндө билдирген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен жакындагы жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жогорку кызматтагы расмий адамдары "Центеррага" Өкмөт да "Чаарат" сунуштаган бүтүмдү ишке ашырууга кызыкдар эместигин тастыкташкан.

"Центерра" компаниясы "Кумтөр" кен ишканасы "Центерранын" түз менчиги болуп саналарын, ал өзүнүн мүлктүк укуктарын өзүнүн 100 пайыздык туунду компаниясы "Кумтөр Голд Компани" ЖАКсы аркылуу ишке ашыра турганын жана "Чаарат" компаниясы сунуштаган бүтүм "Центерра" компаниясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир убакта катышуусуз түзүлө албай тургандыгын белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан