Айпери Кубик кызы: "Жолдошум буга чейин үйлөнгөн эмес, мен биринчи никесиндеги жубайымын"

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу белгилүү ырчы жана куудул Кубик Калыковдун тун кызы, эстрада жылдызы Айпери Кубик кызы болмокчу.

Ырчы жакында эле Египеттен сүйүктүүсү менен чакан үлпөт той өткөргөндүгүн билдирген.

"Гастролдон келерим менен эле сүйүктүүм күтүүсүз белек жасап, көзүмдү таңып аэропортко алып барды. Кайда бара турганыбызды айткан жок. Египетке келгенден кийин дагы бир жолу колумду сурады. Мен макулдугумду берип, экөөбүздүн чакан үлпөт тоюбуз жолдошумдун бул жактагы тааныштары, араб улутундагы досторунун курчоосунда өттү. Азыр бал айында жүрөбүз", - деген ал.

Айпери Кубик кызына арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Ырчы сиздин суроолоруңузга бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын Түз эфиринде жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:00. Айпери Кубик кызынын SUPER.KG порталынын Түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы алып баруучу даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.

15:05. Суроо: "Дайыма бир калыпта жүрөсүз. Арыктыгыңыздын сыры?"

"Каалаганымды жеп-ичем. Болгону уйкум аз, кыймыл-аракетим көп. Менимче ушундан улам семирбесем керек".

15:08. "Жакында эле жолдошум менен бал айын Египеттен өткөрүп келдик. Буга чейин көрбөгөн жерлерди көрүп, аябай жакшы таасирленип келдим. Жолдошумдун жумушу чет өлкөдө болгондуктан, буга чейин Египетте 2-3 жолу болгон экен. Мындан улам ал жакта тааныштары, достору да көп. Үлпөт тоюбузду да ошол жактан белгиледик. Ал эми бул жактан туугандарыбыздын батасын алдык", - дейт ырчы.

15:10. Ырчы жолдошу тууралуу:

"Жолдошум жеке ишкер, экөөбүз тойдон таанышып калдык. Алгач "сүйлөшкөн кызым бол" деген сунуш киргизген. Арадан 3 күн өткөн соң ата-энем менен таанышып, батасын алды. Өзү 1986-жылы туулган. Үйлөнүү тууралуу сунушту мен Москвадан гастролдоп келе жатканда киргизген. Тизелеп туруп, шакек сунганы күтүүсүз болду".

15:13. Суроо: "Жолдошуң менен чогуу жашап жатканыңа канча болду, көнүп кетүү кыйын болгон жокпу?"

"Экөөбүз 1 жылдан бери тааныш болчубуз. Бирок мен аны байке катары эле кабыл алчумун. Ал эми чындап сүйүп, көңүлү бар экенин ушул жылдын февраль айында эле билдим. Эмнегедир ал үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгенде "жок" дей алган жокмун. Бирге жашап жатканыбызга 1 ай болуп калды. Эң негизгиси ортобузда чоң ишеним бар", - дейт ырчы.

15:20. Ырчынын "Шер ойло" аталышындагы клиби көрсөтүлүүдө.

15:28. Суроо: "Ырчылардын ажырашканы бат. Эмнеге мындай деп ойлойсуз?"

"Бир гана ырчылар эмес, жалпы элде эле ажырашуулар көп болуп жатат. Болгону атактуулар эл көзүндө болгондуктан, алардыкы эле көрүнүп, коомдогу ажырашуулар билинбей калууда. Башкалар үчүн жооп бере албайм. Менимче, сабырдуулуктун жетишсиздигинен болсо керек", - дейт ырчы.

15:30. "Жашоо-турмуш бул оюнчук эмес. Бир жолу адашкан соң кайра ал жолду баскың келбейт. Мындан улам ар бир адам өз жолу менен, өз теңи менен болгону жакшы", - дейт Кубик кызы.

15:34. "Жолдошум чыгармачылыгымды колдойт. Алыс жактагы тойлорго бара турган болсом, мени менен чогуу барат", - деди ырчы.

15:40. Айпери Кубик кызы жандуу үн менен "Сезим" аталышындагы ырын аткарып берди.

15:44. Суроо: "Уулуңуз жолдошуңузду кандай кабыл алды?"

"Уулум менен жолдошумдун мамилеси жакшы. Балам менин атамды "ата", апамды "апа" деп айтат. Ал эми жолдошум менен дос катары мамиледе болушун каалайм", - дейт ырчы.

15:47. Суроо: "Айпери эже, эмнеге Асел Кадырбекованын кыз узатуу тоюна барган жоксуз. Сахнада досторуңуз жокпу?"

"Мен тойлорго буюртмаларды 1 ай мурда эле алып койгом. Андыктан Ошко барууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Ал эми сахналаш досторум көп. Баары менен эле катташам", - дейт ырчы.

15:50. "Жолдошумдун аты - Умар, Баткендин Сүлүктү шаарынан болот. Менин да, анын да душмандары көп. Аны буга чейин "үйлөнгөн" деген кептерди тараткандар жок эмес. Мен аны каралоого жол бербейм. Себеби жолдошумду өзүм аябай жакшы билем. Ал буга чейин үйлөнгөн эмес, мен биринчи никесиндеги эле жубайымын", - дейт ырчы.

15:58. "Той ээлеринин каалоосу боюнча "Жар-жар" айтып баштагам. Бирок коомчулукка жарыялачу эмесмин. Эми гана социалдык тармактагы жеке баракчама жүктөп баштадым", - дейт Айпери Кубик кызы.

16:00. Суроо: "Клиптериң бири-бирине окшошпойт. Идея кайдан келет?"

Жооп: "Көбүнчө унаа айдап бара жатканда жакшы идеялар келет. Аларды жазып коё берем, анан убагы келгенде ишке ашырам".

16:03. Ырчы Айпери Кубик кызынын Түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.


кошулду
Айпери Кубик кызы: "Жолдошумдун биринчи эле никесимин"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
senchi
2018-04-25 15:41:54
Утуктоп салдыбы ачык кийинбей калыпсын
+11
karakulja
2018-04-25 15:42:52
Фараон кыйган никен бекем болсун, биздин молдолордуку жарабады!)))
+35
senchi
2018-04-25 15:43:03
karakulja,хаха
+6
vangolu
2018-04-25 19:02:25
karakulja,хохма красава
+1
aiman1983
2018-04-25 23:36:29
karakulja,эн сонун комментарии сиздики болду
+2
Lilireinhart18
2018-04-26 07:46:51
karakulja,олтурдун го
0
moskoy
2018-04-25 15:50:21
Айпери Кубик кызы,Гулнур Асанова,Самара Каримова кругозорлору ,таланттары ,сулуулуктары орточо эле ,бирок оздорун ото сезип пиар кылгандан тажашпайт.
+6
Topchubai
2018-04-25 15:53:38
Айпери сен суперсин!Сенин ар бир ырдаган ырын чуу жаратса,демек популярдуу экенинди бил.Алга Айпери карындашым.
0
bayhan
2018-04-25 16:05:59
Артисттердин кылган жоруктары мен үчүн кызыксыз жана жаңылык эмес, эмне болсо ошо болсун.
+5
Pandora
2018-04-25 16:13:15
Жалан жолдошу жонуедо отчёт бериптирго,негизи туз эфирге келуудогу максаты да ошол болгонго.Болбосо жакында эле келгенго.
+3
bayhan
2018-04-25 16:19:05
Жолдошуң экөөңдүн душманыңар көп болсо анда начар адам экенсиңер.
+15
Tunerbei1812
2018-04-25 17:21:25
bayhan,Менин да, анын да душмандары көп дейт. Эмне ой менен айтты экен десен? Менимче оозуна келгенди эле оттоп койду. Тантып суйлоонун жеткен чеги.
+7
Leilek-razzakov
2018-04-25 16:32:26
Биз тарапка жене болупсунда. Таанышканыбызга 1 жыл болду дейт бул кыздын ажырашканына канча болду.
+9
nurbekasr
2018-04-25 16:43:15
Жолдошу ХХХХХХХ бекен ошондо? Ушул кыз эч жакбай кайсар,негр менен сүрөткө түшкөнүчү.ХХХХХХ бирок.Атасы жакшы киши бирок жөнөкөй.
+1
cholpon119966
2018-04-25 16:59:49
Бактылуу бол Айпери, суй Жана суйуктуу бол. Мен да Сага суроо бергим келген бирок жетишпей калдым, насип этсе кийинкисинде. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Маанилуу, уккулуктуу ырларды аткара бер.
+1
Rifle_I
2018-04-25 17:07:22
Бактылуу бол !
Шоу дүйнөсүн таштап, тынч жашоого өт. Бактылуулук жар салганды жактырбайт.
0
aiman1983
2018-04-25 23:38:13
Эртеге эле чыгат, тойдо ырдап уй булоомду мен багып жатам, кыйналдым, тушунушбой калдык деп бир баланы кучактап Кубиктин уйуно жоноп
-6
Zaina
2018-04-26 11:00:25
aiman1983,эртеге эмес эртен. Антип чыкпай эле койсун, туболукко бактылуу болсун ырчы кызыбыз. Андан да коп ажырашуулар болуп жатат, озунун тенин тапты, бактылуу болсун.
+1
Zaina
2018-04-26 00:55:53
Кыргыздар, эмне мынча ичинер таар? Ооздон бир жакшы соз чыкпай калды го уже. Киного тартылса да жаман, кино тартса да жаман, ырдаса да уну жок деп, куйоого тийсе да начар чыкты деп. Деги силерге кандай адам жагат? Оозунардан жакшы соз чыкпаса эч нерсе жазбай эле койбойсунарбы адамдын конулун оорутпай?
+3
gordaya
2018-04-26 09:04:01
Кыз чырагы кырк дейт, бактылуу бол, коро албастарга конул болбо, алар кылар иши жоктон жаза беришет
+2
moskoy
2018-04-26 14:17:54
Бешке окуган окуучунун денгээли ушу болсо эки учко окуган окуучу тамга тааныбай бутобу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан