Бүгүн, 25-апрелде борбордогу М.Фрунзе атындагы музейде "Пишпек-Фрунзе-Бишкек" аталышындагы даректүү сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы билдирди.
Маалым болгондой, көргөзмө Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган. Ага вице-мэр Айгүл Рыскулова, жогоруда аталган музейдин кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышкан. Көргөзмөдө Бишкек шаарынын алгачкы жылдардан азыркы кезге чейинки өзгөрүүлөрү чагылдырылган.
Айта кетсек, 29-апрелде борбор калаа 140 жылдыгын белгилейт.