super.kg logo

ТЕСТ: Бишкек шаарына 140 жыл. Борбор калаа тууралуу эмнелерди билесиз?

 

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын күнү белгиленет. Борбор калаанын тарыхын канчалык деңгээлде жакшы билесиз? Өзүңүздү тесттен сынап көрүңүз...

 


кошулду


1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Борбордук аянттагы "Манас" айкели кайсы жылы орнотулган?

Борбордук аянттагы "Манас" айкели 2011-жылы орнотулган. Ага чейин ал жерде "Эркиндиктин" жана В.Лениндин айкели болгон.

Кийинки суроо


2008-жылы
2011-жылы
2013-жылы

Бишкектин кайсы аймагында чоң көлөмдөгү саз бар болгон?

Шаардын тарыхында азыркы Жибек Жолунун аймагында чоң саз болгону айтылат. Айрым маалыматтар боюнча сазга тонналаган нефти куюлуп, анан тазалаган.

Кийинки суроо


Азыркы Жибек Жолунун аймагында
Азыркы 9-кичи районунун аймагында
Азыркы "Ош базарынын" аймагында

Бийиктиги 45 метрге жеткен желек кайсы жерден орун алган?

Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында бийиктиги 45 метрге жеткен желек орнотулган. Анын туурасы 10 метр, ал эми узундугу 15 метрди түзөт.

Кийинки суроо


Байтик жана Орто-Сай айылындагы "Боз-Болток" тоосунан
"Жеңиш" атындагы эс алуу багынан
"Ала-Тоо" аянтынан

Байтик баатыр, Абдрахманов жана Элебесов атындагы чоң көчөнүн алгачкы аталышы кандай болгон?

Бишкектеги азыркы Байтик баатыр, Абдрахманов жана Элебесов атындагы чоң көчөсү алгач Базарная деп аталчу. Ал эми 1919-жылы Базарная көчөсү Совет көчөсү деп өзгөртүлгөн. Учурда аталган чоң көчө үчкө бөлүнүп, 3 аталышты алып жүрөт.

Кийинки суроо


Судейская
Ташкентская
Базарная

VII-XII кылымдарда шаар аймагында жайгашкан кыштакты атаңыз...

VII-XII кылымдарда Бишкек шаарындагы Свердлов районунун аймагында Жал деген кыштак болгон.

Кийинки суроо


Жети-Суу
Жал
Шоробашат

Бишкектин мурдагы аталышы Фрунзени ата-бабалар кантип атап келишкен?

Бишкектин мурдагы Фрунзе аталышын ата-бабалар "Прунзе" деп аташкан. Анткени кыргыз алфавитинде "Ф" деген тамга жок болгон.

Кийинки суроо


Пишпек
Прунзе
Бешкек

Бишкектеги бул саат кайсы өлкө тарабынан белекке берилген?

Бишкектин башкы саатын Армения өлкөсү белекке берген.

Кийинки суроо


Орусия
Казакстан
Армения

Бишкектеги алгачкы кинотеатр?

Алгачкы кинотеатр бул "Марс" менен "Метеор" болуп эсептелинет. Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө француздар менен чехтер зор салым кошкону айтылып келет. Алар маданиятты өнүктүрүү максатында 1911-жылы "Марс" менен "Метеор" кинотеатрын курушкан.

Кийинки суроо


"Марс" жана "Метеор"
"Эдинсон"
"Ала-Тоо"

Михаил Фрунзеге арналган эстелик Бишкектин кайсы аймагында жайгашкан?

Эркиндик бульварында 1967-жылдын 25-октябрында Михаил Фрунзенин эстелиги орнотулган.

Кийинки суроо


Панфилов эс алуу багында
Эркиндик сейил багында
Ата-Түрк эс алуу багында

"Эркиндик" бульварынын алгачкы аталышы?

"Эркиндик" бульвары 1924-жылы "Комсомол" атындагы бульвар деп аталган. Бирок мындай аталыш менен аз гана убакыт жүрүп, 1927-жылы "Дзержинский" атындагы бульвар болуп өзгөртүлгөн.

Кийинки суроо


"Комсомол" атындагы сейил багы
"Дзержинский" атындагы сейил багы
"Жаш Гвардия" атындагы сейил багы

Бишкектин тарыхында канча мэр болгон?

Бишкек шаарын 14 жетекчи башкарган. Борбор калаанын учурдагы мэри Албек Ибраимов.

Кийинки суроо


12
14
16

Шаар кайсы жылдан тартып "Бишкек" деп атала баштаган?

Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши 1991-жылы 1-февраль күнү токтом кабыл алган. Ага ылайык, "Фрунзенин" аталышы "Бишкек" деп өзгөртүлгөн.

Кийинки суроо


1991-жыл
1993-жыл
1995-жыл

Нөлдүк километр шаардын кайсы жагында жайгашкан?

Нөлдүк километр Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында жайгашкан. Ал баштапкы аралыкты эсептөөчү каражат. Атайын белгиси же архитектуралык курулушу менен айырмаланып турат.

Кийинки суроо


"Ала-Тоо" аянтында
Ак Үйдүн алдында
"Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында

Бишкектин алгачкы мэрин тааныйсызбы? Ал ким болгон?

Акматбек Нанаев 1990-91-жылдары Бишкекти жетектеп, борбордун алгачкы мэри катары эл эсинде калган. Аталган жетекчинин тушунда "Фрунзе" шаарынын аталышы "Бишкек" деп өзгөртүлгөн.

Кийинки суроо


Акматбек Нанаев
Медетбек Керимкулов
Абдыбек Суталинов

Бишкек шаары кайсы жылы түптөлгөн?

Борбор шаар 1878-жылдын 29-апрелинде түптөлгөн.

Кийинки суроо


1868-жылы
1878-жылы
1888-жылы

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(21)
29.04.2018. 00:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
29-09-2017
Соӊку аракети:
03-10-2018 15:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу админ Бишкек шаары кайсы жылы туптолгон деп турат.суроодо 1878 а жоопто 1978
29.04.2018. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
19-04-2017
Соӊку аракети:
12-11-2018 11:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Farhat25, жоопто 1878 деп эле турат
29.04.2018. 08:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
02-03-2012
Соӊку аракети:
13-11-2018 00:33
Жынысы:
Белгисиз
0
15 суроо менен жооп туура эмес . Уят!!!!!
29.04.2018. 08:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
12-11-2018 15:06
Жынысы:
Белгисиз
0
60 бал
29.04.2018. 11:04 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+7
Эмнеге борбордук аянтагы Манас айкели деп туруп, филармониянын алдындагы Манас айкелин корсотуп жатасынар?!! Болбосо Атамбаев курдурган Манас айкелин корсотуудон уялып жатасынарбы?!!

Атамбаев Манасты озуно окшотуп жасаттырганы чындык, эптемей кылып...
29.04.2018. 11:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
13-11-2018 08:11
Жынысы:
Белгисиз
0
34 балл 15 суроодон 5 туура жооп уят
29.04.2018. 11:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
05-06-2014
Соӊку аракети:
13-11-2018 00:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44
0
54 упай
29.04.2018. 12:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
13-11-2018 09:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
20 уят эле
29.04.2018. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
03-11-2012
Соӊку аракети:
03-07-2018 12:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
27
29.04.2018. 17:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 10:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
14
29.04.2018. 21:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
03-07-2018 13:36
Жынысы:
Белгисиз
0
34 балл
29.04.2018. 23:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
16-06-2018 11:41
Жынысы:
Белгисиз
0
35
30.04.2018. 00:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
326
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
11-11-2018 04:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
0
Дээрлик эч нерсе билбейт экем 20 болду..
30.04.2018. 01:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
113
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
13-11-2018 10:31
Жынысы:
Белгисиз
0
34 балл, эчтеке билбейт окшойм
30.04.2018. 02:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 08:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
0
20 дегенден уялып атсам,20 балл алгандар бар экен мага окшоп
30.04.2018. 03:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
239
Катталган:
26-05-2016
Соӊку аракети:
13-11-2018 03:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Коз жаштарга ишенбеген шаар
0
Уят эле! Окуш керек экен. Убагында окуган эмесбиз да!,
Sagyn.91 түзөттү 2018-04-30 03:06:10
30.04.2018. 08:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
15-08-2016
Соӊку аракети:
09-05-2018 14:35
Жынысы:
Белгисиз
0
60
30.04.2018. 09:49 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
06-04-2018
Соӊку аракети:
27-05-2018 03:40
Жынысы:
Белгисиз
0
47
30.04.2018. 11:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
23-02-2017
Соӊку аракети:
12-11-2018 23:28
Жынысы:
Белгисиз
0
27
10.05.2018. 00:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
13-11-2018 01:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
эмнеге мен такай полный отом тестен. Бирок жыйынтык баллдары чыкпайт. Эн акыркы суроого жооп бергенден кийин, кайра биринчи суроого келип кала берет?
18.05.2018. 10:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
12-04-2015
Соӊку аракети:
10-10-2018 01:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
АКСЫ
0
Чындыгында эч кандай маалыматым жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117460;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: