Бүгүн көк бөрү боюнча мелдеште 3-орун үчүн бишкектик "Арашан" менен Оштун "Көлдүк" командасы күч сынашат

Бүгүн, 27-апрелде борбор калаадагы "Аккула" ат майданында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдеште 3-орун үчүн беттеш орун алат.

Анда жарым финалдык баскычта атаандаштарынан жеңилип калган бишкектик "Арашан" менен Оштун "Көлдүк" командасы кездешет.

Эске салсак, жарым финалда бишкектик "Арашан" командасы Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасынан 6:2 эсебинде жеңилип калса, Оштун "Көлдүк" командасы "Бакубат-Талас" командасынан 7:0 эсебинде утулган.

Мелдештин финалы эртең, 28-апрелде орун алып, анда "Сары-Өзөн" менен "Бакубат-Талас" командалары беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bayhan
2018-04-27 10:56:16
Менин командам эртең финалда ойнойт, кудай буйурса чемпион болот.
0
FCB14
2018-04-27 11:35:37
Колдук алга ☝️
0
ere
2018-04-27 11:47:11
Колдук 3-2 эсеби менен 3-орунду камсыз калдыбы ошондо?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан