Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн улам терезеден боюн таштаган аял эсине келбей жатып каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Үйдөн чыккан өрттөн улам терезеден боюн таштаган аял 27-апрелге караган түнү каза болду. Ал Алай районунун тургуну 1990-жылы туулган А.Э. аттуу аял болгону аныкталды. Анын ата-энеси ажырашып кеткен жана маркум апасы менен калган. Учурда аялдын апасы жана туугандары маркумду өлүк сактоочу жайдан алып кетүүгө келе жатышат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 24-апрелде Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 4 адам жаракат алган. Өрт саат 23:20лар чамасында болгон. Өрт өчүрүүчү кызматкерлер барган учурда батир алоолонуп күйүп жаткан. Үйдүн терезесинде бир аял турган. Куткаруучулар шаты менен баргыча ал боюн таштап жиберген. Алгач 1-кабаттагы чатырга түшүп, андан кийин жерге кулаган. Аял шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми жабыркагандардын бири ооруканадан чыгарылса, экөө травматология жана нейрология бөлүмдөрүндө дарыланууда.