super.kg logo

Бишкек шаарында дагы бир түркиялык "Collezione" дүкөнү ачылды

 

"Collezione" дүкөнүнөн соода кылып Platinum картасына ээ болуңуз да, бир жыл бою 30 пайыздык арзандатууга мүмкүнчүлүк алыңыз". Дал ушундай мүмкүнчүлүктү "Collezione" кийимдер дүкөнү өз кардарларына сунуштайт.

27-апрелде Бишкек шаарындагы ГУМ соода борборунда түркиялык "Collezione" кийимдер дүкөнү ачылды. Ачылышка Collezione брендинин Түркиядагы жетекчиси Тайлан Кырали катышып, салтанаттуу түрдө кызыл лентаны кести. Ошондой эле дүкөндүн ачылышы концерттик программа менен коштолду. Анда учурдун мега ырчылары Нурлан Насип, Омар жана "Жарайт Сити" долбоорунун күлкү жаратуучу жигиттери келгендерге жакшы маанай тартуулашты. Мындан тышкары викториналар, оюн-зооктор орун алып, аземге келгендерге белектер ыйгарылды.

Ал эми аталган бренддин Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Эльмар Бостон түркиялык бренд менен кызматташууну 1 жыл мурда баштаганын билдирди.

"Collezione" кийимдер бренди менен былтыркы жылы келишим түзгөнбүз. Ага ылайык, 1 жылдык мөөнөттө Кыргыз жергесинде аталган бренддин 4 филиалын ачтык. Алгач Ош шаарында, андан кийин Жалал-Абадда жана Бишкек шаарында ачылып, өз кардарларын тейлеп баштады. Биздин алдыдагы максатыбыз - интернет аркылуу соода жүргүзүү", - дейт ал.

Артыкчылыктары:

* Кийимдер сапаты жагынан жогорку класска кирет;

* 6 жаштан 40 жашка чейинкилерди саркеч кийимдер менен камсыздайт;

* Баасы орто класска кирет. Тактап айтканда, эң төмөнкү баа 90 сом, ал эми эң жогорку баа 2990 сом;

* Бир жылда 10 ирет кийимдердин жаңы үлгүлөрү алып келинет;

* 10 миң сомго чейин соода кылгандарга Platinum картасы берилет. Аталган карта 1 жыл бою дүкөндүн ар кайсы филиалдарынан 30 пайыз арзандатылган баада кийимдерди алганга мүмкүнчүлүк берет;

Бренддин тарыхынан:

Collezione бренди 1987-жылы негизделип, Түркиянын аймагында сатыкка чыга баштаган. Бренддин популярдуулугу күн санап өскөн. Учурда аталган бренд 50дөн ашык өлкөлөрдө өз кардарларын мыкты сапаттагы кийимдер менен камсыз кылып келет. Бүгүнкү күндө Collezione`нин 257 филиалы бар. Алардын 200ү Түркия мамлекетинин рыногун камтыса, 50дөн ашууну чет элдик рынокто соода жүргүзүп келет.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
30.04.2018. 15:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
11-03-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 13:31
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшы. Ийгилик. Биздин деле эжекелерибиз сонун кийимдерди тигишет. Ошолордун башын бириктирип аттуу-баштуу агаларыбыз" Made in KG же Kyrgyzion))) дуйнолук бренддердин катарын толуктаса неге болбойт? Между прочем оло тигишет биздин айымдар.
30.04.2018. 17:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
06-11-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошто кайсы жерде, ким билет
30.04.2018. 19:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
27-11-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 11:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
salihalady,алай мейманканасынын мандайында
30.04.2018. 23:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
08-04-2017
Соӊку аракети:
15-05-2018 01:34
Жынысы:
Белгисиз
-2
Primarkt, H&M, Olimp&Hades, C&Aлар качан ачылат
01.05.2018. 14:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
25-06-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:18
Жынысы:
Белгисиз
-1
Pull&bear mn bershka achylganby
01.05.2018. 14:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
07-04-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 03:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогул
0
Bershka, H&M , КоТоН , эң жагат да ушулар)))
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-01 14:30:54
01.05.2018. 17:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
300
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
06-06-2018 22:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кооз жер
0
Көрдүк жакшы эле.бирок азырынча мен үчүн эмес,кийин бай болгондо барам)
01.05.2018. 20:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
244
Катталган:
02-04-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 23:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто кайсыл жерде экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: