Батыш Австралияда ургаачы жөргөмүш 43 жылдан кийин каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Батыш Австралияда жөргөмүш сымалдуулар классына кирген "Ctenizidae" жөргөмүшү 43 жыл жашаганы аныкталган. Мындан улам бул жөргөмүшкө дүйнөдөгү эң картаң деген макам ыйгарышкан. Буга чейин мындай рекордду Мексикада байырлаган тарантулы деген уулуу жөргөмүшү жасаган. Ал 28 жыл жашаганы маалым болгон.
Австралиянын Кертин технологиялык университетинин окумуштуулары жөргөмүштөрдүн жашоосунун узактыгын зат алмашуу процессинин төмөндүгү менен түшүндүрүшкөн.