super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-АПРЕЛЬ: Турмуштун кыйынчылыгына карабай, кыялдарын иш жүзүнө ашырууга бел байлаган актриса Жессика Альба 37 жашка чыкты

 

Көпчүлүккө "Фантастикалуу төртилик", "Бейишке кош келиңиз", "Күнөөлөр шаары" жана башка тасмалардагы ролдору аркылуу таанымал америкалык актриса Жессика Альба бүгүн, 28-апрелде 37 жашка толду.

Актриса 1981-жылы 28-апрелде Калифорния штатындагы Помона шаарында төрөлгөн. Көп өтпөй үй-бүлөсү Миссисипи штатына көчүп кетет. Актриса атасы мексикалык, апасында француз каны болгондуктан эл аларды "куураган эмигранттар" деп жаман көрө турганын, бул себептүү ата-энеси оңдуураак жумушка орношо алышпаса, Альбаны мектепте окуучулар дайыма чычалата беришкенин айтып келет.

Кыйынчылык турмушка карабай кичинекей, кыялкеч Альба 5 жашында эле "актриса болом" деп чечкен. 12 жашка чыкканда актёрдук курстарга барып, бир жылдан соң “Адашкан лагерь” фильминдеги биринчи ролуна ээ болгон. Алгач ал жөн гана массовкага кошулуп тартылып жаткан, бирок башкы ролду ойноочу кыз кокусунан ооруп калганда анын чачынын өңү баш каармандыкына окшош болгондугу үчүн бул ролго тандап алышкан.

Кинокарьерасын аябай эрте баштап алган кичинекей актриса бул кесиптин балалык кыялында элестеткендей жеңил эместигине көзү жетет. Ошентсе да “Бай жана атактуу адамдардын катарына кошуучу жалгыз жол ушул” деп ишин таштаган эмес. Чет элдик басылмаларга мектептен келген соң курбуларындай болуп көңүл ачуунун ордуна үй тапшырмаларын даярдап, андан кийин 10 барактан турган сценарий жаттап, машыга турганын айтып берген.

14 жашында күтүүсүз кырсыкка кабылат. Аны “Флиппер” сериалына тартылып жаткан убагында уурдап кетишкен. Ата-энеси киши уурдоочулар талап кылган чоң өлчөмдөгү акчаны төлөп бере алышкан эмес. Бактыга жараша, кызды кокусунан эле машинанын арткы жүк салган жеринен таап алышкан. Ал эми кылмышкерлер болсо ошол боюнча дайынсыз бойдон калган. Ал табылгандан соң бул кылмыш гезиттерге жарыяланып, кызга болгон көңүл буруулар көбөйгөн. Натыйжада, актриса “Беверли-Хилз, 90210” сериалына тартылат. Көп өтпөй эле Жеймс Камерондон “Кара периште” тасмасына тартылуу сунушу түшөт. Бул тасмалардан соң эл оозуна алына баштайт да, 2001-жылы “Эң ысык 100 кыз” тизмесинде биринчиликке ээ болот.

Үй-бүлөсү менен

2005-жылы “Фантастикалуу төртилик” аттуу тасмага тартылып жатканда кинопродюсер Кэш Уоррен менен таанышып калат. Экөөнүн мамилеси акырындык менен өнүгүп отуруп, 2008-жылдын май айында баш кошууга алып келген. Учурда жубайлар 3 баланын ата-энеси.

28-апрелдин жылнаамасы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
28.04.2018. 17:46 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
31-03-2018
Соӊку аракети:
09-08-2018 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+4
Макаланы рецензиялап, каталарын текшерип анан жарыялагылчы...

Мисалы "актриса атасы мексикалык" болобу же "актрисанын атасы мексикалык" болобу?
28.04.2018. 17:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-06-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 16:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Chagylgan1 Актриса атасы мексикалык, апасында француз каны болгондуктан эл аларды "куураган эмигранттар" деп жаман көрө турганын, бул себептүү ата-энеси оңдуураак жумушка орношо алышпаса, Альбаны мектепте окуучулар дайыма чычалата беришкенин айтып келет.
Сүйлөмдү аягына чейин окуңүз, анан түшүнүктүү болот!

28.04.2018. 19:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 17:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жумурткадан да кыр издей бересинер тобоо.сонун маалымат мен учун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: