Кыргыз келин өзү баккан түркиялык 88 жаштагы аялды сабады деп шектелүүдө. Бул тууралуу Түркиянын маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка ылайык, ал укук коргоо органдарына сурак берген.
"Учурда улгайган аялдын абалы оор, Стамбулдагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Кыргыз келин улгайган аялды көптөн бери эле багып келген. Аялдын буту сынып калгандан кийин жакындары үйүнө көзөмөл камераларын орнотушкан. Келиндин улгайган аялды уруп жатканы видеого түшүп калган. Андан кийин улгайган аялдын жакындары полицияга кайрылган", - деп жазылат маалыматта.
Түркияда жашап, иштеп жаткан Кыргыз жарандарынын айтымында, Кыргыздын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу шектүү келин Кыргыз жараны экенин тастыктаган. Учурда аялдын сабалышы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
"Шектүүнү укук коргоо органдары кармагандан кийин Түркиядан сыртка чыкпайм деген тил кат алышып, коё беришкен. Ал кемпирди бакканы үчүн айына 600 доллардан маяна алып турган", - деп билдиришти Түркияда иштеген Кыргыз жарандары.
Окуя боюнча соттук отурум ушул жылдын октябрь айында боло тургандыгы жазылган маалыматта.