Манас Ниязов "Достук" командасынан кеткен жок

Манас Ниязов 9-Майга карата өтө турган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште "Достук" командасынын курамында ойнойт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Достук" командасынын машыктыруучусу Мыктыбек Туташов билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта команда аталган мелдешке даярдык көрүүдө. "Манас Ниязов 9-Майга карата өтө турган республикалык мелдешке катышат. Учурда ал машыгууларды улантууда. Ал эми Байыш менен Кыяз Ниязовдор буга чейинки мелдеште алган жаракатына байланыштуу катыша албай турган болушту", - деди ал.

Эске салсак, белгилүү көк бөрүчү бир туугандар Манас, Кыяз, Байыш Ниязовдордун "Достук" командасынан кеткендиги тууралуу маалымат кызуу талкуу жараткан.


кошулду
Улакчы ага-ини Ниязовдор “Достуктан” кетиштиби?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erjigit-e.15
2018-05-01 20:30:00
Манассыз Достук Достук эмес да.
+2
ere
2018-05-02 08:17:46
Айылда Ниязовдордон кыйын ойногон улакчылар бар негизи. Ошолорду топтоп машыктырса Достук достугун сактап мыкты команда болуп калышына шек жок!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан