9-февраль күнү Бишкектин Элебесов көчөсүндө 1 жаш 7 айлык кызын колуна көтөрүп турган келинди Мерседес үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен келин каза болуп, кызы эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Кыз аман калган, бирок алган жаракатынан улам врачтар анын оң бутун кесүүгө аргасыз болушкан.
Бүгүн, 1-майда SUPER.KG порталы кыздын үйүнө барып азыркы учурдагы абалын көрүп келди. Биз барган учурда Жумайым эч нерседен кам санабай чоң энеси жана атасы менен эркелеп ойноп жатканын көрдүк. Алты саны аман учурундагыдай дароо туруп басып кетүүгө аракет кылганы менен, ордунан жыла албай туруп калганы жан дүйнөбүздү кейитти.
Атасы Жыргалбек Чотонов кызы күндүзү ойноп жүргөнү менен, түн ичинде апасын жана бир бутун издеп кыжалат кылып жатканын айтты. Анан калса сол буту да сынгандыктан күн суук болгондо сөөктөрү ооруйт экен.
"Келинчегим кызын көтөрүп алып сиңдилери менен бирге самса жеп келүүгө чыккан экен. Ага чейин кызымдын дене табы көтөрүлүп сыртка чыгарбай жаткам. Ошол күнү бир аз күн жылып калганда чыгып кетишкен экен. Мен жумушка барып андан ары жума намазга кетип баратсам келинчегимдин телефонунан чалып "келинчегиңди унаа сүзүп кетти, келип кызыңды карап тур" деп айтып калышты. Дароо жетип келсем кызымды чач тарачка алып кирип жаткырып коюшуптур. Эс-учу жок абалда жаткан экен. Бутун көрүп эле коркуп кеттим. Жубайым "Тез жардам" унаасында жатыптыр. Мага бир нерселерди айтты, бирок кызымды көргөндөн кийин эч нерсе уккан жокмун. Алгач "Тез жардам" унаасы менен ооруканага кызымды алып кеттим, артымдан келинчегимди алып барышты. Бирок ал ооруканага жетпей каза болуп калды. Андан кийин кызымдын бутун кесип салышты.
Кызымды эки айдан бери үйдө карап жатабыз. Баткенден апам келип каралашып жатат. Өзүм дагы жумушка чыгууну токтоттум. Анткени түн ичинде туруп алып "апа" деп апасын, бир бутун издеп кыжалат кылат. Эшик ачылган сайын апасы кирип келчүдөй күтөт. Эмчектен да чыга элек болчу да. Азыр эми биз жеген тамакты жеп, жөрмөлөп жүрүп оорусун өзү жеңип жатат. Сол буту да сынган болчу. Гипсти чечкенден кийин аркы бөлмөдөн берки бөлмөгө кирип-чыгып жүрөт. Негизи 1 жашында эле басып, тили чыгып сүйлөп калган", - деди Чотонов.
Жумайым - Жыргалбек Чотонов менен келинчеги Жазгүл Өмүрбекова экөөнүн 7 жылга чукул балалуу боло албай жүрүп Кудайдан тиленип көргөн тун кызы. Алар бир канча жыл Орусияда иштеп жүрүп 2015-жылы Бишкекке келишкен. Быйыл жазында кайрадан Орусияга кетүүгө аракет кылып жүрүшкөн.
"5-6 жыл балалуу боло албай жүрдүк. Орусияда иштеп жүрүп келинчегим кош бойлуу болгондон кийин Бишкекке жиберип өзүм иштеп жүрдүм. Кызым төрөлгөндөн кийин мен да бул жакка келгем. Буюрса, быйыл жазында кайра кетүүгө аракет кылып жатканбыз. Тилекке каршы, кырсык болуп кетти. Эми ушул кызымды карап эле бул жакта болом. Жакында демөөрчүлөр табылып, алар кызымды бассейни бар бала бакчага алып бара турган болушту. Ал жерде бутуна массаж да жасалат экен. Ага документтерди даярдап жатабыз.
Ал эми кырсык боюнча сот иши да жакында башталат. Биз кырсыкка күнөөлүү болуп камакта отурган айдоочунун жакындарына "тосмо арыз жазып берели, жөн гана жардам берсин" деп жатабыз. Бирок алар "төлөөгө каражатыбыз жок, каматып сала бергиле" деп жатышат", - деди Чотонов.
Жумайым апасы жанында болбогону менен, анын ичип-жегенине, кирип-чыкканына чоң энеси Батма Сарыбаева каралашууда. Небересинин келечегин ойлоп көзүнө жаш алгандан башка аргасы калбаган сыяктуу.
"Келиним жана неберем менен бат-баттан сүйлөшүп турчубуз. Кырсык болгонго чейин эки-үч күн мурун да сүйлөшкөнбүз. Бул да телефондон сүйлөп "эне, эне, момпосуй алып келиңиз" деп суранган эле. Кырсык күнү айылда болчумун. Эки күндөн кийин келдим. Ооруканада карап жаттым. Эми үйдө карап жатам. Баскысы келип ордунан турат, бирок бир буту жок экенин билгенден кийин кайра күлүп отуруп калат. Көргөн сайын көзүмө жаш алып кийин кантет деп ыйлайм", - деп көзүнө жаш алды чоң энеси.
Жыргалбек Чотонов - үй-бүлөдө 5 бир тууган, уулдардын экинчиси. Андан кийинки иниси Орусияда иштеп жүрүп агасынын башына түшкөн түйшүгүн угуп, жанын коёрго жер таппай Бишкекке келген. Ал жумушта болгондуктан келинчеги Айгүл Сейитказы кызы сүйлөп берди. Анын айтымында, Жумайым аны өз апасындай көрүп түн ичинде көкүрөгүн жыттап уктайт.
"Ооруканага барса кошо барып каралашабыз. Жолдошум бул жакта иштеп анын тапканын тамак-ашка коротуп жатабыз. Ал эми Жумайым кечинде кайненем экөөбүздүн ортобузга жатат. Күн сайын "мама" бер деп ыйлап көкүрөгүбүздү, кесилип калган бутун издейт. Мындай күн башка түшсө баарына эле кыйын экен. Кайнатам да кан басымы көтөрүлүп кечээ гана ооруканадан чыкты. Атасынын да оозу бир жакка тартылып, колдору азыркыга чейин калтырап жатат. Кайнагам менен кызынын тагдырына кайдыгер карабай, жардам бергендерге терең ыраазычылык билдиребиз. Колунан келген жардамын берип, азык-түлүккө чейин көтөрүп келип берип жатышат", - деди Айгүл Сейитказы кызы.
Жыргалбек Чотонов кызы Жумайымга жардам иретинде чогулган каражатты атайын банкка ачылган эсепке чогултуп жатканын кошумчалады.
"Бутуна азыр протез салдыралы десек ал үчүн кызымдын бутунун сөөктөрү өсүш керек экен. 5-6 жашка чыкканда салса туура боло турганын айтышты. Аны бул жактан салдырабыз. Ал эми кийинки протездерин чет өлкөдөн салдырууга туура келет. Азырынча өкмөттөн жана катардагы жарандар тарабынан чогулган каражатты банкка сактап койдум. Бирок ал жетеби же жетпейби белгисиз", - деди Чотонов.
Эне-баланы сүзүп кеткен 33 жаштагы Ж.Р. аттуу айдоочуга кылмыш иши козголуп, 11-февралда сот анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Материал сотко өткөрүп берилип, соттук отурум 10-майда Свердлов райондук соту тарабынан карала турганы белгилүү болду.
Ал эми кырсык болгон унаа жолдун четине учурда жол чырак орнотулуп жатканы белгилүү болду.
Эгерде жардам берүүнү каалагандар болсо, Жыргалбек Чотоновдун 0771 81 76 15 номуруна Элсом аркылуу акча которсоңуздар болот.